Ак-Талаада 65 млн сомго жаңы оорукана курулду

Ак-Талаада 65 млн сомго жаңы оорукана курулду

Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кош-Дөбө айылында жаңы оорукана курулду. Иш республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, долбоорго 65 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Жаңы эки кабаттуу имарат 20 койкага ылайыкташкан жана заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздалган. Объекттин жалпы аянты 721 чарчы метрди түзөт.

Курулуш-монтаждоо иштери 2024-жылы башталып, Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнгөн. Жаңы оорукана аймактын саламаттык сактоо инфраструктурасын чыңдап, жергиликтүү тургундарга сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары окуңуз

ЖКтин төрагасы тендер маселеси бардык ишке кедергисин тийгизип жатканын жарыялады

ЖКтин төрагасы тендер маселеси бардык ишке кедергисин тийгизип жатканын жарыялады

Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда, Төрага Нурланбек Тургунбек уулу тендер маселесине токтолуп, аталган жараян бардык ишке кедергисин тийгизип жатканын билдирди.  “Мектеп болобу, бала бакча болобу же социалдык багыттагы башка имараттарбы кандай гана курулуштар болбосун бардыгы тендерге байланышкан. Бирок элдин баары ошол тендерден тажады. Анткени, тендерди өткөрүү иши эки-үч айга создугуп, курулуш

ЖК депутаттарынын добуш берүүсү эми манжа издери же беттин геометриясы боюнча ишке ашабы?

ЖК депутаттарынын добуш берүүсү эми манжа издери же беттин геометриясы боюнча ишке ашабы?

Бүгүн Президент Садыр Жапаров “КРнын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” КРнын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамга кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 24-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Аталган Мыйзам КРнын Жогорку Кеңешинин ишмердүүлүгүн оптималдаштыруу максатында кабыл алынган. Кабыл алынган Мыйзамга ылайык, төмөнкүлөр каралган:  – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын биринчи орун

Жеке ишкерликти Салык кызматына кайра каттоонун жолу жөнөкөйлөштү

Жеке ишкерликти Салык кызматына кайра каттоонун жолу жөнөкөйлөштү

Эми жеке ишкердикти кайра каттоо үчүн Салык кызматына барып, убара тартуунун кажети жок. Мындай билдирүүнү Мамлекеттик салык кызматынан маалымдашты. Билдирүүгө караганда, мамлекеттик мекеме бул процессти мурдагыдан да жөнөкөй жана ыңгайлуу кылган заманбап санариптик кызматты ишке киргизди. Ага ылайык, Салык кызматы ишкердикти кайра каттоо үчүн жаңы онлайн-сервис Cabinet.salyk.kg сайты

2026-жылдын 14-январына карата валюталар курсу

2026-жылдын 14-январына карата валюталар курсу

Материалда КРнын Улуттук банкынын чет элдик валюталардын курстары, ошондой эле алмашуу бюролорундагы төрт валютанын (АКШ доллары, евро, орус рубли, теңге) курстары көрсөтүлгөн. 2026-жылдын 14-январына карата КРнын Улуттук банкынын валюта курстары: 1 АКШ доллары - 87,44 сом; 1 евро - 102,03 сом;  1 орус рубли - 1,11 сом;