"Ат-Башы эт комбинаты" айына 60 тонна этти кайра иштетет
 
    Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин өкүлдөрү Ат-Башы районундагы «Ат-Башы эт комбинаты» ЖЧКсынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул ишкана — райондогу эт жана эт азыктарын кайра иштетүү багытында иш алып барган жападан жалгыз өндүрүш жайы. Комбинатта эт консервалары, жогорку сапаттагы тушёнка (як, уй, жылкы, тоок этинен), консерваланган ботколор, ышталган эт жана майда балык өндүрүлөт.
Ишкана чыгарган продукциялар сапат стандарттарына толук жооп берип, тиешелүү сертификаттарга ээ.
Жылдык өндүрүш көлөмү төмөнкүчө:
- Топоз эти — 40 тонна
- Жылкы эти — 20 тонна
- Уй эти — 720 тонна
Жалпысынан ишкана айына орточо 60 тонна уй этин кайра иштетет.


 
             
             
             
            