Бишкекте 3-ноябрдан тарта жылытуу сезону башталат

Бишкекте 3-ноябрдан тарта жылытуу сезону башталат

Бишкек шаарынын муниципалитетинен билдиришкендей, 2025-жылдын 3-ноябрынан баштап борбор калаада 2025–2026-жылдардагы жылытуу сезону старт алат.

Ошол күнү кечинде Бишкек ЖЭБ кызматкерлери жылуулукту өндүрүп, аны “Бишкек жылуулук тармагы” муниципалдык ишканасына өткөрүп берүү процессин баштайт. Бардык жабдуулар күчөтүлгөн режимде иштеп, техникалык кызматкерлер коюлган параметрлерди камсыздоого даяр.

Жылуулукту кошуу этап менен жүргүзүлөт:
1. Социалдык объектилер — мектептер, бала бакчалар, медициналык мекемелер, төрөт үйлөрү жана социалдык коргоо уюмдары;
2. Көп кабаттуу турак үйлөр жана жеке сектор.

Ишканалардын техникалык кызматкерлери мүмкүн болуучу кайрылууларга жана өзгөчө кырдаалдарга ыкчам жооп кайтаруу максатында күчөтүлгөн иш режимине өтүштү.

Мындан тышкары окуңуз

"Газпром Кыргызстанга" Россия газы үзгүлтүксүз берилет

"Газпром Кыргызстанга" Россия газы үзгүлтүксүз берилет

Энергетика министри Таалайбек Ибраев ведомствонун коллегиялык жыйынында “Газпром” ПАКынын директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары Алексей Миллер менен болгон эки тараптуу сүйлөшүүсү тууралуу айтып берди.  Т.Ибраевдин билдиришинче, А.Миллер менен менен жолугушууда алар Кыргызстан үчүн “Газпромго” капиталдык салууларды жогорулатууну макулдашышкан.  “Ал мага газ жеткирүү үзгүлтүксүз болуш үчүн эмне кылуу керектигин

БА өлкөлөрүнүн соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча жыйын болду

БА өлкөлөрүнүн соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча жыйын болду

Тажикстандын Дүшанбе шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча Улуттук комитеттеринин кезектеги — 14-аймактык жыйыны болуп өттү. Ага Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн экономика, транспорт, бажы, азык-түлүк коопсуздугу тармактарындагы министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен кабарлашты. Катышуучулар региондогу соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана санариптештирүү демилгелерин илгерилетүү боюнча

Кыргызстан компаниясынын экспонаттары көрүүчүлөрдү кызыктырды

Кыргызстан компаниясынын экспонаттары көрүүчүлөрдү кызыктырды

Кыргызстандын «Артбласт Групп (Аджи-Сервис)» компаниясы Өзбекстандын борборундаөткөн «MiningMetals Uzbekistan 2025» эл аралык көргөзмөсүндө өзүнүн өндүрүштүк жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырганын Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Компаниянын өкүлдөрү заманбап өнөр жай жабдууларынын үлгүлөрүн, автоматташтыруу жана өндүрүштүк коопсуздук жаатындагы чечимдерди сунушташты «Артбласт Групп (Аджи-Сервис)» компаниясынын экспонаттары көптөгөн катыш

Кыргызстанда 300 миң сомго чейин күрөөсүз насыя берилет

Кыргызстанда 300 миң сомго чейин күрөөсүз насыя берилет

Кыргызстанда бизнес 300 миң сомго чейин күрөөсүз насыя алса болорун Финансы министрлигинин ишкерликти өнүктүрүү фондунун кредиттик бөлүмүнүн жетекчиси Чыңгыз Сакенов билдирди.  Анын айтымында, фонд мындай насыяларды өндүрүш секторуна, кол өнөрчүлүк багыттарга жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүгө берет. Каражаттык колдоо биринчи кезекте экспортко ыктаган ишкерлерге сунушталат. Программанын максаты  – жумуш орундарын