Чүйдө жаңы сквердин эскиздик долбоору иштелип чыкты

Чүйдө жаңы сквердин эскиздик долбоору иштелип чыкты

Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык башкармалыгынын архитекторлору Аламүдүн районунун Ленин айылында жаңы сквердин эскиздик долбоорун даярдашты. бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Долбоор экологиялык талаптарга жана шаар куруу стандарттарына ылайык иштелип, аймактын тургундары үчүн ыңгайлуу эс алуу мейкиндигин түзүүгө багытталган. Ага жашыл зона, жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдор, жарыктандыруу системасы, отургучтар жана балдар ойноочу аянтча кирет. Ошондой эле скверге пейзаждык элементтер жана гүлзарлар жайгаштырылып, коомдук кеңистик кооз жана заманбап көрүнүштө болот деп пландалууда.

Архитекторлордун айтымында, жаңы сквер аймактын жашоочуларына таза абада эс алып, социалдык байланыштарды чыңдоого мүмкүнчүлүк түзөт. Эскиздик долбоор жакынкы айларда коомдук талкууга чыгарыла турганы белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Мурдагы Салык кызматынын башчысы жана анын орун басары айыпка жыгылды

Мурдагы Салык кызматынын башчысы жана анын орун басары айыпка жыгылды

Мамлекеттик салык кызматынын мурдагы төрагасы Алтынбек Абдувапов жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычов соттун өкүмү менен күнөөлүү деп табылганын Ленин райондук соту билдирди. Сот аларды Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айыптуу деп таап, Алтынбек Абдуваповго 400 миң сом, ал эми Исламбек Кыдыргычовго 300 миң

Депутат Болот Ибрагимов  мас абалында унаа башкаргандарга айып пулду 80 миң сомго көтөрүүнү сунуштады

Депутат Болот Ибрагимов мас абалында унаа башкаргандарга айып пулду 80 миң сомго көтөрүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин Укук тартиби боюнча комитети бүгүн жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүү тууралуу мыйзам долбоорун карап чыкты. Документтеги нормалардын бирине ылайык, мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн төмөнкү жаза чараларын киргизүү сунушталууда: — айдоочулук күбөлүктөн 2 жылга ажыратуу (азыркы 1 жылдын ордуна) жана 10 суткага камакка алуу (3 сутканын ордуна)

Айыл чарба министрлиги: Сапатсыз үрөн колдонгондор жеңилдиктерден куру калат

Айыл чарба министрлиги: Сапатсыз үрөн колдонгондор жеңилдиктерден куру калат

Кыргызстандын айыл чарба министрлиги фермерлерге жана дыйкандарга бардык айыл чарба өсүмдүктөрү үчүн сапат сертификаты жана келип чыгышы тастыкталган үрөн жана көчөт колдонуу милдетин киргизүүнү сунуш кылууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Бул чара контрафакттык, сапатсыз жана мыйзамсыз үрөндөрдүн жүгүртүүсүнөн келип чыккан түшүмдүн

Brent мунайынын баасы  биринчи жолу 65 доллардан ашты

Brent мунайынын баасы биринчи жолу 65 доллардан ашты

Лондондун ICE биржасынын маалыматына ылайык, 13-январдагы соодалашуу учурунда Brent мунайынын баасы 18-ноябрдан бери алгачкы ирет 65 доллардан жогорулады. Жыл башынан берки баанын өсүшүнө АКШнын Венесуэладагы операциясы жана Ирандагы башаламандыктар себеп болду. Мындан улам рыноктун катышуучулары мунай жеткирүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн деп кооптоно башташты. Күн мурун АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын