Бишкекте көп кабаттуу мыйзамсыз курулуштун маселеси чечилди

Бишкекте көп кабаттуу мыйзамсыз курулуштун маселеси чечилди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти көп жыл мурда мыйзамсыз курулуп калган көп кабаттуу үйлөрдүн маселесин чечүү боюнча иш жүргүзүүдө.

Министрликтин маалыматына ылайык, департаменттин директору Эрназарбек Суеркулов Бишкек шаарынын Курчатов көчөсү 28/1 дарегинде жайгашкан 9 кабаттуу турак үйдүн жашоочулары менен жолугуп, объектинин пайдаланууга берүү боюнча шайкештик актысын (акт ввода в эксплуатацию) тапшырды. 

Аталган объект “Алтын казык плюс” ЖЧКсы тарабынан мыйзамсыз курулуп, пайдаланууга өткөрүлгөн эмес. Мунун айынан жашоочулар батирлерин өз атына каттай албай, кыймылсыз мүлккө тиешелүү документтерди алуу процессинде кыйынчылыктарга туш болуп келген.   

Мындан тышкары окуңуз

Депутат Болот Ибрагимов  мас абалында унаа башкаргандарга айып пулду 80 миң сомго көтөрүүнү сунуштады

Депутат Болот Ибрагимов мас абалында унаа башкаргандарга айып пулду 80 миң сомго көтөрүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин Укук тартиби боюнча комитети бүгүн жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүү тууралуу мыйзам долбоорун карап чыкты. Документтеги нормалардын бирине ылайык, мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн төмөнкү жаза чараларын киргизүү сунушталууда: — айдоочулук күбөлүктөн 2 жылга ажыратуу (азыркы 1 жылдын ордуна) жана 10 суткага камакка алуу (3 сутканын ордуна)

Айыл чарба министрлиги: Сапатсыз үрөн колдонгондор жеңилдиктерден куру калат

Айыл чарба министрлиги: Сапатсыз үрөн колдонгондор жеңилдиктерден куру калат

Кыргызстандын айыл чарба министрлиги фермерлерге жана дыйкандарга бардык айыл чарба өсүмдүктөрү үчүн сапат сертификаты жана келип чыгышы тастыкталган үрөн жана көчөт колдонуу милдетин киргизүүнү сунуш кылууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Бул чара контрафакттык, сапатсыз жана мыйзамсыз үрөндөрдүн жүгүртүүсүнөн келип чыккан түшүмдүн

Brent мунайынын баасы  биринчи жолу 65 доллардан ашты

Brent мунайынын баасы биринчи жолу 65 доллардан ашты

Лондондун ICE биржасынын маалыматына ылайык, 13-январдагы соодалашуу учурунда Brent мунайынын баасы 18-ноябрдан бери алгачкы ирет 65 доллардан жогорулады. Жыл башынан берки баанын өсүшүнө АКШнын Венесуэладагы операциясы жана Ирандагы башаламандыктар себеп болду. Мындан улам рыноктун катышуучулары мунай жеткирүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн деп кооптоно башташты. Күн мурун АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын

Соцфонд жаңы өзгөртүүлөрдү даярдоодо: пенсиялык топтомдор үчүн эмне өзгөрөт?

Соцфонд жаңы өзгөртүүлөрдү даярдоодо: пенсиялык топтомдор үчүн эмне өзгөрөт?

Пенсиялык топтомдорду төлөп берүү эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Министрлер Кабинетинин токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документ Социалдык фонд тарабынан жүргүзүлүүчү төлөмдөрдүн тартибин тактоону сунуштайт. Долбоорго ылайык, пенсиялык топтомдорду алууга укуктуу адамдардын чөйрөсү кеңейтилет: айрым учурларда алуучу катары камсыздандырылган адамдардын жубайлары да чыга алышат. Көп жолку төлөмдөрдү жүргүзүү тартибин өзгөртүү, ошондой