“Элкарт” улуттук төлөм системасы сынак жарыялады
“Элкарт” Улуттук төлөм системасы (УТС) пайдалуу демилгелерди, заманбап технологияларды жана финансылык билим берүүнү айкалыштырып, каражат топтоо жумалыгына катышты.
Анын жүрүшүндө “Элкарт” УТСнын стендинде каалоочулардын баары заманбап санариптик чечимдер жана төлөм аспаптары, анын ичинде жаңыланган, кошумча артыкчылыктары бар “Элкарт+” карталары менен тааныша алышты.
Мындан сырткары компания MegaPay менен биргеликте социалдык түйүндөрдө 10-ноябрга чейин созула турган сынак жарыялады.
Сынактын катышуучулары стилдүү NFC аксессуарларын утуп ала алышат — бул ыңгайлуулукту жана санариптик чечимдерди баалагандар үчүн жакшы бонус болмокчу.