Жасалма интеллект боюнча Бакуда эл аралык конференция болду

Жасалма интеллект боюнча Бакуда эл аралык конференция болду

Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун директору Амантур Рыспаев Жасалма интеллекттин (ЖИ) этикасы боюнча Баку мамлекеттик университетинде болуп өткөн I Эл аралык конференцияга катышты. Анын жүрүшүндө ал “КРда жасалма интеллектти өнүктүрүүнүн укуктук жана этикалык аспекттери” аттуу илимий баяндамасын жасады.

Ал өз баяндамасында «Технологиялык инновацияларды кабыл алып жатып, биз адамдын аброюн жана укуктарын коргоодон эч качан баш тартпашыбыз керек. Түрк дүйнөсү ЖИ этикасына маданий негизделген, жоопкерчиликтүү мамилени иштеп чыгууда үлгү боло алат», – деп белгиледи.

Конференциянын жыйынтыгы боюнча катышуучулар ЖИ этикасын билим берүү программаларына интеграциялоо жана академиялык чөйрө менен өнөр жайдын кызматташтыгын күчөтүү боюнча сунуштарды кабыл алышты.

Бул Эл аралык конференция Кыргызстан үчүн ЖИ жаатындагы улуттук тажрыйбаны жана саясатты эл аралык деңгээлде таанытуу, ошондой эле түрк мамлекеттеринин ортосундагы илимий-техникалык кызматташтыкты бекемдөө жагынан маанилүү кадам болуп калды.

Мындан тышкары окуңуз

Депутат Болот Ибрагимов  мас абалында унаа башкаргандарга айып пулду 80 миң сомго көтөрүүнү сунуштады

Депутат Болот Ибрагимов мас абалында унаа башкаргандарга айып пулду 80 миң сомго көтөрүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин Укук тартиби боюнча комитети бүгүн жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүү тууралуу мыйзам долбоорун карап чыкты. Документтеги нормалардын бирине ылайык, мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн төмөнкү жаза чараларын киргизүү сунушталууда: — айдоочулук күбөлүктөн 2 жылга ажыратуу (азыркы 1 жылдын ордуна) жана 10 суткага камакка алуу (3 сутканын ордуна)

Айыл чарба министрлиги: Сапатсыз үрөн колдонгондор жеңилдиктерден куру калат

Айыл чарба министрлиги: Сапатсыз үрөн колдонгондор жеңилдиктерден куру калат

Кыргызстандын айыл чарба министрлиги фермерлерге жана дыйкандарга бардык айыл чарба өсүмдүктөрү үчүн сапат сертификаты жана келип чыгышы тастыкталган үрөн жана көчөт колдонуу милдетин киргизүүнү сунуш кылууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Бул чара контрафакттык, сапатсыз жана мыйзамсыз үрөндөрдүн жүгүртүүсүнөн келип чыккан түшүмдүн

Brent мунайынын баасы  биринчи жолу 65 доллардан ашты

Brent мунайынын баасы биринчи жолу 65 доллардан ашты

Лондондун ICE биржасынын маалыматына ылайык, 13-январдагы соодалашуу учурунда Brent мунайынын баасы 18-ноябрдан бери алгачкы ирет 65 доллардан жогорулады. Жыл башынан берки баанын өсүшүнө АКШнын Венесуэладагы операциясы жана Ирандагы башаламандыктар себеп болду. Мындан улам рыноктун катышуучулары мунай жеткирүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн деп кооптоно башташты. Күн мурун АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын

Соцфонд жаңы өзгөртүүлөрдү даярдоодо: пенсиялык топтомдор үчүн эмне өзгөрөт?

Соцфонд жаңы өзгөртүүлөрдү даярдоодо: пенсиялык топтомдор үчүн эмне өзгөрөт?

Пенсиялык топтомдорду төлөп берүү эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Министрлер Кабинетинин токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документ Социалдык фонд тарабынан жүргүзүлүүчү төлөмдөрдүн тартибин тактоону сунуштайт. Долбоорго ылайык, пенсиялык топтомдорду алууга укуктуу адамдардын чөйрөсү кеңейтилет: айрым учурларда алуучу катары камсыздандырылган адамдардын жубайлары да чыга алышат. Көп жолку төлөмдөрдү жүргүзүү тартибин өзгөртүү, ошондой