Жер мунапысы боюнча комиссия ишин улантууда
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасына ылайык, борбор калаада күчөтүлгөн тартипте жер мунапысынын алкагында иштер улантылууда.
Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаменти райондук администрациялар жана тиешелүү мекемелер менен биргеликте жерге мунапыс берүү боюнча комиссиялар өз ишин улантууда.
Ленин райондук комиссиясы тарабынан 129 арыз жактырылып, 196 арыз коомдук билдирүүгө жөнөтүлдү, деп билдиришти шаардык мэриядан.