Азия өнүктүрүү банкы билим берүү уюмдарын куруу жана модернизациялоого кызыкдар

Азия өнүктүрүү банкы билим берүү уюмдарын куруу жана модернизациялоого кызыкдар

Кесиптик билим берүү системасын өнүктүрүү маселесин Азия өнүктүрүү банкы менен Агартуу министрлигинин өкүлдөрү талкуулашты. Тараптар кесиптик-техникалык билим берүүнү өнүктүрүү, окутуунун сапатын жогорулатуу жана инклюзивдүү билим берүү чөйрөсүн түзүүгө арналган «Көндүмдөрдү өнүктүрүү системасын трансформациялоо программасы» тууралуу талкуу жүргүзүштү.

АӨБнин өкүлдөрү белгилегендей, негизги багыттардын бири коопсуздукка жана сейсмотуруктуулукка өзгөчө көңүл буруу менен билим берүү уюмдарын куруу жана модернизациялоо зарыл. Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын билим алуусу үчүн шарттарды түзүү программанын негизин түзөт. Мындан тышкары, долбоор педагогдор менен өндүрүштүк окутуунун чеберлеринин квалификациясын жогорулатуу чараларын жана мыкты тажрыйба борборлорун өнүктүрүүнү көздөйт.

Программанын ишке ашырылышы натыйжага негизделген RBL (Results-Based Lending) форматында жүргүзүлөт. Долбоор Агартуу министрлиги, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен кызматташтыкта ишке ашырылмакчы.

Мындан тышкары окуңуз

Депутат Болот Ибрагимов  мас абалында унаа башкаргандарга айып пулду 80 миң сомго көтөрүүнү сунуштады

Депутат Болот Ибрагимов мас абалында унаа башкаргандарга айып пулду 80 миң сомго көтөрүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин Укук тартиби боюнча комитети бүгүн жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүү тууралуу мыйзам долбоорун карап чыкты. Документтеги нормалардын бирине ылайык, мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн төмөнкү жаза чараларын киргизүү сунушталууда: — айдоочулук күбөлүктөн 2 жылга ажыратуу (азыркы 1 жылдын ордуна) жана 10 суткага камакка алуу (3 сутканын ордуна)

Айыл чарба министрлиги: Сапатсыз үрөн колдонгондор жеңилдиктерден куру калат

Айыл чарба министрлиги: Сапатсыз үрөн колдонгондор жеңилдиктерден куру калат

Кыргызстандын айыл чарба министрлиги фермерлерге жана дыйкандарга бардык айыл чарба өсүмдүктөрү үчүн сапат сертификаты жана келип чыгышы тастыкталган үрөн жана көчөт колдонуу милдетин киргизүүнү сунуш кылууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Бул чара контрафакттык, сапатсыз жана мыйзамсыз үрөндөрдүн жүгүртүүсүнөн келип чыккан түшүмдүн

Brent мунайынын баасы  биринчи жолу 65 доллардан ашты

Brent мунайынын баасы биринчи жолу 65 доллардан ашты

Лондондун ICE биржасынын маалыматына ылайык, 13-январдагы соодалашуу учурунда Brent мунайынын баасы 18-ноябрдан бери алгачкы ирет 65 доллардан жогорулады. Жыл башынан берки баанын өсүшүнө АКШнын Венесуэладагы операциясы жана Ирандагы башаламандыктар себеп болду. Мындан улам рыноктун катышуучулары мунай жеткирүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн деп кооптоно башташты. Күн мурун АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын

Соцфонд жаңы өзгөртүүлөрдү даярдоодо: пенсиялык топтомдор үчүн эмне өзгөрөт?

Соцфонд жаңы өзгөртүүлөрдү даярдоодо: пенсиялык топтомдор үчүн эмне өзгөрөт?

Пенсиялык топтомдорду төлөп берүү эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Министрлер Кабинетинин токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документ Социалдык фонд тарабынан жүргүзүлүүчү төлөмдөрдүн тартибин тактоону сунуштайт. Долбоорго ылайык, пенсиялык топтомдорду алууга укуктуу адамдардын чөйрөсү кеңейтилет: айрым учурларда алуучу катары камсыздандырылган адамдардын жубайлары да чыга алышат. Көп жолку төлөмдөрдү жүргүзүү тартибин өзгөртүү, ошондой