Бишкекте майда көмүрдү сатууга жана колдонууга тыюу боюнча рейд өттү

Бишкекте майда көмүрдү сатууга жана колдонууга тыюу боюнча рейд өттү

Бишкек шаарында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин координациясы менен майда (чачылма) көмүрдү ташууга, сатууга, сактоого жана пайдаланууга тыюу салуунун аткарылышын текшерүү боюнча рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Иш-чара Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-октябры №639 токтомуна ылайык уюштурулуп, Мурманск көчөсүндөгү көмүр кампалары текшерилди. Рейд учурунда саткан пункттарга эскертүүлөр берилип, калк арасында маалыматтык-агартуу иштери жүргүзүлдү.

Монополияга каршы кызмат көмүр бааларын көзөмөлдөп, баанын негизсиз жогорулашына жол бербөө чараларын көрдү. Иш-чарага шаардык мэрия, “Кыргызкөмүр” ААК, Энергетика министрлиги жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Бул рейд шаардыктарды таза аба менен камсыздоо жана экологияны коргоо максатында өткөрүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Өзбекстан эмгек миграциясы боюнча кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан менен Өзбекстан эмгек миграциясы боюнча кызматташтыкты кеңейтет

Бүгүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Сагынбаев Кыргыз Республикасындагы Өзбекстан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Саидикрам Ниязходжаев менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жолугушууда тараптар эмгек миграциясы жана социалдык маселелер боюнча кыргыз-өзбек кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Анын ичинде калкты жумуш менен камсыз кылуу, социалдык коргоо

Дыйкандарга арпа, буудай жана кант кызылчасын көбүрөөк эгүү сунушталды

Дыйкандарга арпа, буудай жана кант кызылчасын көбүрөөк эгүү сунушталды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идирисов дыйкандарга арпа, буудай, картошка, пияз жана кант кызылчасы сыяктуу социалдык маанилүү айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө өзгөчө көңүл бурууну сунуштады. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Анын айтымында, дан эгиндери жана кант кызылчасы өлкөнүн

Күрөөнүн баасын атайылап төмөндөтүү алдамчылык – Г.Кожогулова

Күрөөнүн баасын атайылап төмөндөтүү алдамчылык – Г.Кожогулова

Депутат Гуля Кожокулова парламент жыйынында насыя боюнча күрөөнүн суммасын атайылап төмөн баалоону банктардын тузагы деп атады. Анын айтымында, күрөө мүлкү рыноктогу чыныгы баасына ылайык бааланбайт. "Жарандар катуу шарттарга туш болуп, насыяларын белгиленген мөөнөттө төлөй албай калышат. Канча тагдыр талкаланды, канча адам өз жанын кыйды! Коммерциялык банктардын жоопкерчилигин да караш

Бажылык тариздөө мыйзамдарын бузган эки компания мамлекетке 5,7 млн сом төктү

Бажылык тариздөө мыйзамдарын бузган эки компания мамлекетке 5,7 млн сом төктү

Мамлекеттик бажы кызматынын Контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгы товарларды бажылык тариздөөсүз мыйзамсыз пайдалануу фактыларын аныктады. Нарын шаарында убактылуу сактоого коюлган 18 тонналык майдалагыч жабдуу тиешелүү төлөмдөрү төлөнө электе эле ишкана тарабынан орнотулуп, пайдаланылып жаткандыгы белгилүү болгон. Ошондой эле "Ч.Ю." жана "Д.Д." компаниялары жооптуу сактоодо