Кыргызстанда балык чарбаларын калыбына келтирүү иштери башталды
Балык өнөр жайы комплекси департаменти 2025–2026-жылдары мамлекеттик балык чарба көлмөлөрүндө балык запастарын жасалма көбөйтүү иштерин баштады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Иш-чаралар Кыргыз Улуттук Илимдер академиясынын Биология институту менен макулдашылган план-прогноздун негизинде жүргүзүлүүдө.
Максат — балык запастарын сактоо жана көбөйтүү аркылуу өлкөнүн суу биоресурстарын туруктуу пайдалануу.