Ысык-Көл облусундагы күн электр станциясынын курулушу текшерилди

Ысык-Көл облусундагы күн электр станциясынын курулушу текшерилди

КРнын Энергетика министри Таалайбек Ибраев Ысык-Көл облусуна жумушчу сапары менен барып, Кызыл-Өрүк айылындагы күн электр станциясынын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

 “РЭЦА” ЖЧКсынын директору Фам Минь Банг долбоор бекитилген графикке ылайык аткарылып жатканын билдирип, учурда жумушчулар үчүн убактылуу турак-жай куруу иштери аяктап, подстанциянын пайдубалы жана 110 кВ электр берүү линиясы куюлуп, күн панелдери үчүн кронштейндер орнотулуп жаткандыгын маалымдады.

 Энергетика министри курулуш мөөнөттөрүн так сактоо зарылдыгын баса белгилеп, аткарылып жаткан иштердин сапатына жана темпине көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды. 150 МВтка чейин кубаттуулуктагы долбоордун биринчи фазасын аяктоо 2026-жылдын биринчи жарымына пландаштырылган.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте көрктөндүрүү жана тазалоо боюнча эки айлык ишембилик жарыяланды

Бишкекте көрктөндүрүү жана тазалоо боюнча эки айлык ишембилик жарыяланды

Бишкек шаарынын мэриясынын буйругу менен шаар аймагында көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык ишембилик жарыяланды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Иш-чара шаар инфраструктурасын жакшыртуу, санитардык абалды чыңдоо жана борбор калаанын аймагын көрктөндүрүү максатында өткөрүлөт. Ага ылайык, 14-марттан 16-майга чейин борбор калаада аймактарды тартипке келтирүү, экологиялык абалды жакшыртуу жана шаар

Жибек Жолундагы көпүрөнүн түндүк тарабы пайдаланууга берилет

Жибек Жолундагы көпүрөнүн түндүк тарабы пайдаланууга берилет

Бүгүн түштөн кийин Жибек Жолу көчөсүндө жайгашкан көпүрөнүн түндүк тарабы пайдаланууга берилет. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Реконструкцияга чейин көпүрөнүн туурасы 9 метр болсо, жаңылоо иштеринин жыйынтыгында ал 13 метрге чейин кеңейтилди. Аба ырайынын начарлап жаткандыгына жана шаар тургундарынын ыңгайлуулугун эске алуу менен көпүрөнүн бир тарабы ачылып, транспорт кыймылы уюштурулат. Көпүрөнүн

Айрым ашууларда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Айрым ашууларда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Бүгүн, 10-мартта өлкө аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу айрым тоо ашууларында күн бүркөк болуп, бороон болуп, туман каптады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Учурда Өтмөк ашуусунда, Сосновка жана Арал постторунда оор жүк ташуучу автоунааларга киргизилген чектөөлөр күчүндө. Ал эми Бишкек–Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел,

Brent мунайынын баррели 90 доллардан төмөн түштү

Brent мунайынын баррели 90 доллардан төмөн түштү

Brent мунайынын баасы баррелине 90 доллардан төмөн түшкөнүн соода маалыматтары күбөлөндүрөт. 2026-жылдын май айында жеткириле турган Brent маркасындагы мунайдын фьючерстеринин баасы Лондондогу ICE биржасында баррелине 90 доллардан төмөн түштү. Бул баа бир суткадан бир аз убакыт өткөндөн кийин болду, мурда анын чеги 119 долларга чейин жеткен. Россия мунайынын баасы да