Айрым ашууларда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Айрым ашууларда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Бүгүн, 10-мартта өлкө аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу айрым тоо ашууларында күн бүркөк болуп, бороон болуп, туман каптады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Учурда Өтмөк ашуусунда, Сосновка жана Арал постторунда оор жүк ташуучу автоунааларга киргизилген чектөөлөр күчүндө.

Ал эми Бишкек–Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел ашууларында жана Суусамыр–Талас–Тараз жолундагы Өтмөк ашуусунда жеңил автоунаалар үчүн каттам ачык.

Мындан тышкары Ош–Сары-Таш–Эркечтам унаа жолундагы Тоң-Мурун ашуусунда, Бишкек–Нарын–Торугарт жолундагы Долон жана Түз-Бел ашууларында, ошондой эле Түп–Кеген жолунда унаалар үчүн каттам бар.

Жол тейлөө ишканалары түнкүсүн жааган карды жана кар күрткүлөрүн тазалоо, тайгакка каршы инерттик материалдарды чачуу иштерин күнү-түнү жүргүзүүдө. Подряддык компаниялар тейлеген жол тилкелеринде да тазалоо жана жол жээгин кеңейтүү иштери уланууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды жол коопсуздугун сактоого, ылдамдыкты туура тандоого, каршы тилкеге чыкпоого жана керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media