Токмокто 1905 батирлүү ипотекалык комплекс курулууда

Токмокто 1905 батирлүү ипотекалык комплекс курулууда

Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Токмок шаарындагы ипотекалык турак жай комплексинин курулушу менен таанышты. Аталган комплексте 29 блоктон турган турак жайлар курулууда. Бул тууралуу Президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти.

Жалпы долбоорго ылайык:

  • 1905 батир курулууда;
  • 9 блок 9 кабаттуу, 20 блок 15 кабаттуу;
  • ар бир кабатта 5 батир жана ар бирине жеке газ казаны орнотулат;
  • турак жайлар борбордук канализацияга туташтырылып, энергияны үнөмдөөчү технологиялар колдонулууда.

Комплекстин аймагында жашоочулар үчүн балдар аянтчалары, спорттук зона, жашыл участкалар жана унаа токтотуучу жайлар каралган. Ошондой эле мектеп жана бала бакча жакын жайгашкан.

Бул турак жай комплекси президент Садыр Жапаровдун жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу демилгесинин алкагында ишке ашып жаткан социалдык долбоор болуп саналат.

Каныбек Туманбаев белгилегендей, курулуш иштери өз убагында жана жогорку сапаттык стандарттарга ылайык бүткөрүлүшү керек. “Бул долбоор мамлекет башчысынын элге берген убадасынын иш жүзүндөгү аткарылышы болуп саналат”, — деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

"Дордой" базарынын жанындагы көлдүн айланасы көрктөндүрүлөт

"Дордой" базарынын жанындагы көлдүн айланасы көрктөндүрүлөт

Айбек Джунушалиев 16-мартта "Дордой" ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков менен жолугушуу өткөрүп, "Дордой" базарынын аймагын көрктөндүрүү маселесин талкуулады. Айрыкча базардын жанындагы көлгө жана анын айланасына өзгөчө көңүл бурулганын борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мэрдин айтымында, шаар бийлиги бизнести өнүктүрүүнү колдойт, бирок ал системалуу түрдө жана

Дүйнөлүк рынокто алтын арзандап, унциясы 5 миң доллардан төмөн түштү

Дүйнөлүк рынокто алтын арзандап, унциясы 5 миң доллардан төмөн түштү

Дүйнөлүк рынокто алтындын баасы арзандап, унциясы 5000 доллардан төмөн сатылып жатканын Интерфакс кабарлады. Маалыматка ылайык, алтындын баасы Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам дүйнөдөгү инфляциянын тездешинен төмөндөп жатат.  Comex биржасында алтын болжол менен 1,3%га төмөндөп, унциясы 4995 долларды түздү. Ошол эле маалда күмүштүн да баасы арзандап жатат. Ал 4,4%

Өзбекстандан келген маркировкасы жок 82 830 көчөт артка кайтарылды

Өзбекстандан келген маркировкасы жок 82 830 көчөт артка кайтарылды

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментине караштуу Баткен башкармалыгынын “Кызыл-Кыя автожолу” фитосанитардык текшерүү постунда Өзбекстандан импорттолуп кирген 82830 даана көчөттөрдүн таңгагында маркировка жок экендиги аныкталган. Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 157 Чечимине ылайык, карантинге алынган продукциянын ар бир таңгагында продукциянын аталышы, чыгарылган өлкө, экспорттоочу өлкө жана (же) реэкспортер өлкө

Кыргызстан менен GIZ "жашыл экономика" боюнча кызматташат

Кыргызстан менен GIZ "жашыл экономика" боюнча кызматташат

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Германиянын эл аралык кызматташтык коому (GIZ) ортосунда "Борбор Азиядагы "жашыл" экономика үчүн "жашыл көндүмдөр" аттуу аймактык долбоорду ишке ашыруу боюнча макулдашууга кол коюлду. Ведомстводон маалымдашкандай, макулдашууга эмгек министри Канат Сагынбаев жана GIZ уюмунун аймактык долбоорунун жетекчиси Удо Фолькерс