Илимий изилдөөлөргө мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүү 50%га жогорулады

Илимий изилдөөлөргө мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүү 50%га жогорулады

Илим күнүнө карата Улуттук статистикалык комитети 2024-жылы мамлекеттик бюджеттен илимий изилдөөлөргө жана ойлоп табууларга 893 млн. сом сарпталганын жазды.

Бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу бул багытта казынадан акча бөлүү 50%га өскөнүн билдирет. 

Ошондой эле өткон жылы академияда 1315 кызматкер илимий иштерди жүргүзүшкөн. Анын 129 илимдин докторлору болсол, 256сы илимдердин кандидаттары. Булардын 52%ы аялдар экени да айтылат.  

Мындан тышкары окуңуз

С.Жапаров: "Быйыл тышкы карызды төлөөгө 3,3 млрд доллар жумшалды"

С.Жапаров: "Быйыл тышкы карызды төлөөгө 3,3 млрд доллар жумшалды"

Өткөн аптанын аягында Президент Садыр Жапаров соңку беш жылда мамлекеттик карызды төлөөгө 285,4 млрд сом (3,3 млрд доллар) кеткенин фейсбуктагы баракчасына жазды. Анын жазганына караганда, карыздын көп бөлүгү быйыл, 2025-жылы төлөнгөн.  Өлкө башчы алынган карыздын баары экономиканы өнүктүрүүгө, даректүү долбоорлорго жумшалып жатканын белгилеп, мисал катары Камбар-Ата ГЭСин, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан

Кыргызстанда пенсиялык топтоо каражатын 226 144 адам алды

Кыргызстанда пенсиялык топтоо каражатын 226 144 адам алды

Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашоо сапатын жакшыртуу жана социалдык бакубаттуулугун камсыз кылуу максатында пенсиялык топтоо каражаттарын төмөнкүдөй учурларда пайдалануу каралган: 1.    Пенсия курагына жеткен жарандарга төлөп берүү; 2.    Чет өлкөдө туруктуу жашоо үчүн өлкөнүн чегинен тышка чыкканда; 3.    Мураскорлорго; 4.    Аскер кызматкерлерине төлөө; 5.    Ипотекалык насыялоого; 6.    Жумушсуздукка; 7.    Оор ооруларды

Ош шаарынын борбору акырындык менен Жапалак айылына көчөт

Ош шаарынын борбору акырындык менен Жапалак айылына көчөт

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев келечекте шаардын борбору Жапалак айылынын аймагында болорун билдирди. Эске салсак, 7-ноябрда оңдоо иштеринен соң Көкүм-Бий көчөсү ачылган. Оңдоо иштери өткөн жылдын сентябрь айында башталып аба ырайынын ыңгайсыз шартарынан улам ал убактылуу токтотулуп, кайра быйыл жазында башталган. Реконструкциялоодон кийин жолдун узундугу 3,6 километрге узарып, эни

Tesla быйыл 1500гө чейин роботтакси чыгарат

Tesla быйыл 1500гө чейин роботтакси чыгарат

Жылдын аягына чейин Tesla 1500гө чейин роботтакси чыгарышы мүмкүн экенинАЗЕРТАЖ маалымат агенттиги билдирди. Компаниянын негиздөөчүсү  Илон Маск жыл аягына чейин Сан-Франциско булуңунда кеминде 1000 унаа, ал эми Остинде 500 же андан көп унаа болушу керектигин айткан. Роботтаксилер келерки жылдын орто ченинде Лас-Вегас, Феникс жана Майами сыяктуу жаңы шаарларга кеңейип, 2500