Өлкө боюнча 19 миңден ашык адам өзүнө-өзү насыя алууга тыюу салды

Өлкө боюнча 19 миңден ашык адам өзүнө-өзү насыя алууга тыюу салды

Улуттук банк ноябрь айынын алгачкы аптасында 19 миңден ашуун адам “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салганын билдирди.

Эске салсак, июль айында президент Садыр Жапаров “Насыялык маалымат алмашуу жана насыялык бүтүм түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салууну белгилөө маселелери боюнча” мыйзамга кол койгон. 

1-ноябрдан баштап мындай тыюуну “Түндүк” тиркемеси аркылуу онлайн жасоого шарт түзүлгөн. 

Банк жана башка каржы уюмдар насыя алууга өтүнүч келгенде кредиттик бюродон маалымат сурап, эгер тыюу салуу бар болсо насыя бере албайт. Бул талап бузулса берилген насыя жараксыз деп табылат. Банктын билдиришинче мындай механизм алдамчылыктын күчөшүнө бөгөт коюу үчүн киргизилген. 

Мындан тышкары окуңуз

Казакстан 2036-жылга чейин ири учактарды ЕАЭБге бажы салыгысыз киргизүүнү сунуштады

Казакстан 2036-жылга чейин ири учактарды ЕАЭБге бажы салыгысыз киргизүүнү сунуштады

Казакстан ЕАЭБде жүргүнчү учактарын бажысыз киргизүү мөөнөтүн 2036-жылга чейин узартууну сунуштаганы Евразия экономикалык комиссиясынын сайтына жарыяланды. Эске салсак, мындай бажысыз киргизүү 2031-жылдын аягында аяктайт. Бажы өлчөмү бажылык баанын 7,5%дан 12,5%га чейин болот. ЕЭКтин билдирүүсү боюнча, жеңилдикти узартуу тууралуу сунуш авиакомпанияларга заманбап жана коопсуз аба кемелерин сатып

Чет өлкөлүк унаалар 10 күндө катталбаса 20 миң айып пул салынат

Чет өлкөлүк унаалар 10 күндө катталбаса 20 миң айып пул салынат

Чет өлкөдөн алынып келген унаалар Кыргызстанга киргенден кийин 10 күндүн ичинде каттоого турууга тийиш экенин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы эскертти. Ведомствонун маалыматына ылайык, эгер каттоо мөөнөтү өтүп кетсе, унаа айып короо жайына киргизилип, тиешелүү айып салынат. "Ошондой эле эгер унаанын терезелери ал өлкөдө караңгылатылган болсо, биздин өлкөдө

Объектилерди оңдоонун 25,7%ын жергиликтүү бюджет камсыздаган

Объектилерди оңдоонун 25,7%ын жергиликтүү бюджет камсыздаган

2025-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстанда капиталдык жана учурдагы оңдоп-түзөө иштерине 16 миллиард 565,6 миллион сом сарпталганы Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтарында айтылат. Каржылоонун жалпы суммасынын 53,2%ын ишканалар жана уюмдар камсыз кылган. Ошондой эле каржылоо үлүшүнүн 25,7%ын – жергиликтүү бюджеттер жана 19,3%ын республикалык бюджет түзгөн. Ал эми

Майлуу-Суу заводу акырындап башка өндүрүшкө өтөт

Майлуу-Суу заводу акырындап башка өндүрүшкө өтөт

МинКаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 2-январда Майлуу-Суу лампа заводунун кызматкерлери менен жолугушту. Ал кызматкерлердин соңку үч айдан бери ала албай жаткан маянасы мамлекеттик бюджеттен төлөнүп берилерин белгиледи. Ошондой эле ал заводдун мындан аркы иши боюнча маселе каралып жатканын, буга чейин кыскартууга кеткен 550дөй кызматкер азырынча жумушка алынбай турганын тактады.