Быйыл 10 айда 226 миң 144 жаран пенсиялык чогултууларын алды

Быйыл 10 айда 226 миң 144 жаран пенсиялык чогултууларын алды

КРнын Социалдык фонду 2025-жылдын 1-нобрына чейин пенсиялык чогултууларын алгандардын саны 226 миң 144 адам болгонун жана аларга жалпы 5 млрд 770,3 млн сом төлөнүп берилгенин билдирди. 

Анын ичинен: 

— пенсиялык куракка жеткен жарандар үчүн төлөнгөн төлөм — 198 миң 880 адам (3 млрд 61,1 млн сом);

— туруктуу жашоо үчүн өлкөдөн сыртка чыгып кеткендерге төлөнгөн төлөм — 4 миң 496 адам (251,8 млнсом);

— камсыздандырылган маркумдардын мураскерлерине төлөнгөн төлөм — 11 миң 847 адам (357,1 млн сом);

— аскер кызматкерлерине төлөнгөн төлөм — 995 адам (11,6 млн сом);

— ипотекалык насыя алуучу адамдарга төлөм— 385 адам (87 млн сом);

— ипотекалык насыя алган адамдарга төлөм — 7 миң 779 адам (1 млрд 745,2 млн сом);

— турак жай ижарасы келишими боюнча төлөмдөрдү толук жаап жаткандарга төлөнгөн төлөм ( “МИК” ААКсы тарабынан каржыланган) — 317 адам (52,1 млн сом);

— үлүштүк турак жай курулушунун катышуучуларына же банктык кепилдик менен курулуп жаткан объектилердеги узак мөөнөткө алынган батирлердин төлөмүн төлөөчүлөргө берилген төлөм — 367 адам(71,8 млн сом);

— расмий жумушсуз деп эсептелгендерге — 312 адам (5,9 млн сом);

— катуу ооруган жарандарга төлөм — 766 адам (126,7 млн сом).

Мындан тышкары окуңуз

АКШда Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды

АКШда Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды

АКШда коллекциялык Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды. Бул сейрек Пикачу Illustrator картасы 1998-жылы Pokémon сүрөт конкурсу үчүн жасалган 39 экземплярдын бири. Бул аукциондо сатылган эң кымбат коллекциялык карта болуп калды. Беш жыл мурун америкалык рестлер жана YouTube блогери Логан Пол аны 5,275 млн долларга сатып алып,

Кыргызстанда 4 жылда 173 млрд 596 млн сом инвестиция өздөштүрүлдү

Кыргызстанда 4 жылда 173 млрд 596 млн сом инвестиция өздөштүрүлдү

2021–2025-жылдар аралыгында Кыргызстанда 173 млрд 596,1 млн сом өлчөмүндө инвестиция өздөштүрүлгөнүн Кыргызстандын Финансы министрлиги маалымдады. Министрлик транспорт, энергетика, суу менен камсыздоо, саламаттык сактоо жана агрардык сектордогу стратегиялык долбоорлор боюнча маалымат берди. Транспорт — 47 771,4 млн сом Шаардык транспорт жаңыланып, 124 кысылган жаратылыш газы (КПГ) менен жүргөн автобус

Баткенде ЖРТдан жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө сыйлык берилет

Баткенде ЖРТдан жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө сыйлык берилет

Баткенде “Зээндүү жаштар – 2026” форуму өткөнүн Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Облус жетекчисинин орун басары Жаныбек Исаков бүтүрүүчүлөргө алдыдагы жалпы республикалык тестирлөөгө активдүү даярданууга, талыкпай эмгектенип, максат коюп, ошол максатка жетүүгө, ар тараптан өнүгүүгө чакырды. Форумга билим берүү тармагындагы тажрыйбалуу жана ийгиликтүү спикерлер чакырылып, алар мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ЖРТга активдүү даярдануу, кесип

Тамчылатып сугаруу менен 2 гектардан 28 тонна карагат алган чемпион

Тамчылатып сугаруу менен 2 гектардан 28 тонна карагат алган чемпион

“Агродиалог-2025” форумунун чемпиону Руслан Миңбаев “Агродиалог-2026” форумун утурлай, карагат өстүрүүдөгү тажрыйбасы жана жетишкен ийгиликтери тууралуу айтып берди. Бул багбанчылык долбоору 2012-жылы башталган. Ал эми карагат багын негиздөө иштери 2016-жылы жүзөгө ашырылган. Ал убакта аймакта карагатты ири көлөмдө өстүргөн, заманбап техникаларды колдонгон дыйкандар дээрлик жок болчу. Биз алгачкылардан болуп бул багытта