Яндекс Goдо электромобилдүү унаалардын тарифи пайда болду

Яндекс Goдо электромобилдүү унаалардын тарифи пайда болду

Бишкектеги Яндекс Goнун тиркемесинде эми “Электро” тарифи жеткиликтүү болуп калды. Буйрутма берүүдө ушул тариф тандалса, жогорку деңгээлдеги ыңгайлуу, жеңил жана үнсүз жүрүүчү, ошондой эле экологиялык жактан таза электромобилдүү унаалар келет.

Колдонуучуларга BYD, Weltmeister, Changan, FAW жана башка маркадагы заманбап жана кенен электромобилдүү унаалар жеткиликтүү болот. Азыр бул тарифте 2500дөн ашык электромобилдүү унаалар бар. Сервистик кызмат бул тарифти өнөктөштөр менен биргеликте өнүктүрүүнү жана көбөйтүүнү пландаштырууда.  “Электро” тарифи менен жүрүү, мисалы, 10-кичи райондон Вефа соода борборуна чейин 201 сом болот.

 Жол жүрүү коопсуздугу тууралуу

 Жол жүрүүдө заманбап коопсуздук технологиясы иштейт. Мисалы, ылдамдыкты жана айдоо стилин көзөмөлдөөчү автоматтык мониторинг колдонулат. Эгерде система ылдамдыктын жогорулаганын же кооптуу маневр болгонун байкаса, ал айдоочуга эскертет да, ошону менен кырсыкты алдын алууга жардам берет. Система ошондой эле, күтүүсүз токтоону көзөмөлдөп, кагылышуу болгонун аныктайт. Мындай учурларда операторлор кырдаалды тактоо үчүн жүргүнчү жана айдоочуга байланышка чыгат.

 Колдонуучулар үчүн тиркемеде “Коопсуздук” бөлүмү да жеткиликтүү. Ал аркылуу ыкчам жардам кызматтарына же колдоо кызматына кайрылууга, өз маршрутун жакындары менен бөлүшүүгө болот. Айдоочу менен жүргүнчүнүн бардык сапарындагы жашоосу жана ден соолугу 800 000 сомго чейин камсыздандырылат.

_____________

 * Сервис тарабынан “Электро” тарифин колдонуу менен эсептелген жол кире акысы, жолдогу тыгынды жана тиешелүү арзандатууларды эсептебегенде, 10-кичи райондон (Байтик Баатыр көч, 32) Вефа соода борборуна (Байтик Баатыр көч, 98) чейин 4 км жана 16 мүнөттө жетүү максималдуу болуп саналды, анда күтүү акысы жана башка акы төлөнүүчү опциялар эсептелген жок. Көрсөтүлгөн баанын өзгөрүшү сапарга буйрутма берүү убактысына көз кааранды болушу мүмкүн. Кененирээк маалымат taxi.yandex.com 

Мындан тышкары окуңуз

АКШда Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды

АКШда Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды

АКШда коллекциялык Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды. Бул сейрек Пикачу Illustrator картасы 1998-жылы Pokémon сүрөт конкурсу үчүн жасалган 39 экземплярдын бири. Бул аукциондо сатылган эң кымбат коллекциялык карта болуп калды. Беш жыл мурун америкалык рестлер жана YouTube блогери Логан Пол аны 5,275 млн долларга сатып алып,

Кыргызстанда 4 жылда 173 млрд 596 млн сом инвестиция өздөштүрүлдү

Кыргызстанда 4 жылда 173 млрд 596 млн сом инвестиция өздөштүрүлдү

2021–2025-жылдар аралыгында Кыргызстанда 173 млрд 596,1 млн сом өлчөмүндө инвестиция өздөштүрүлгөнүн Кыргызстандын Финансы министрлиги маалымдады. Министрлик транспорт, энергетика, суу менен камсыздоо, саламаттык сактоо жана агрардык сектордогу стратегиялык долбоорлор боюнча маалымат берди. Транспорт — 47 771,4 млн сом Шаардык транспорт жаңыланып, 124 кысылган жаратылыш газы (КПГ) менен жүргөн автобус

Баткенде ЖРТдан жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө сыйлык берилет

Баткенде ЖРТдан жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө сыйлык берилет

Баткенде “Зээндүү жаштар – 2026” форуму өткөнүн Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Облус жетекчисинин орун басары Жаныбек Исаков бүтүрүүчүлөргө алдыдагы жалпы республикалык тестирлөөгө активдүү даярданууга, талыкпай эмгектенип, максат коюп, ошол максатка жетүүгө, ар тараптан өнүгүүгө чакырды. Форумга билим берүү тармагындагы тажрыйбалуу жана ийгиликтүү спикерлер чакырылып, алар мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ЖРТга активдүү даярдануу, кесип

Тамчылатып сугаруу менен 2 гектардан 28 тонна карагат алган чемпион

Тамчылатып сугаруу менен 2 гектардан 28 тонна карагат алган чемпион

“Агродиалог-2025” форумунун чемпиону Руслан Миңбаев “Агродиалог-2026” форумун утурлай, карагат өстүрүүдөгү тажрыйбасы жана жетишкен ийгиликтери тууралуу айтып берди. Бул багбанчылык долбоору 2012-жылы башталган. Ал эми карагат багын негиздөө иштери 2016-жылы жүзөгө ашырылган. Ал убакта аймакта карагатты ири көлөмдө өстүргөн, заманбап техникаларды колдонгон дыйкандар дээрлик жок болчу. Биз алгачкылардан болуп бул багытта