9 айда 711 этникалык кыргыз кайрылман макамына ээ болду

9 айда 711 этникалык кыргыз кайрылман макамына ээ болду

 2025-жылдын тогуз айында 711 этникалык кыргыз кайрылман макамына ээ болду. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, эгемендүүлүк алынгандан бери Кыргызстанга 70 миңден ашуун этникалык кыргыздар көчүп келип, алардын ичинен 65 миңге жакыны өлкө жарандыгын алышкан.

Кайрылман макамы атайын түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия тарабынан берилет. Анын курамына УМКК, ИИМ, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жана Санариптик өнүгүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин өкүлдөрү кирет. 9 айдын ичинде кайрылман макамы төмөнкү өлкөлөрдөн келген этникалык кыргыздарга ыйгарылган:
Өзбекстан Республикасы — 54 адам;
Тажикстан Республикасы — 629 адам;
Кытай Эл Республикасы — 12 адам;
Россия Федерациясы — 7 адам;
Афганистан — 8 адам;
башка өлкөлөр — 1 адам.

Кайрылман күбөлүгү үч жылдык мөөнөткө берилет. Ушул убакыт аралыгында кайрылман макамынын ээлери Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу боюнча кайрылууга тийиш. Мындай макамга ээ болгон жарандар социалдык жөлөкпулга, пенсияга, медициналык жардамга, билим алууга жана Кыргызстандын аймагында эмгектенүүгө укук алышат.

Мындан тышкары окуңуз

Чет өлкөлүк унаалар 10 күндө катталбаса 20 миң айып пул салынат

Чет өлкөлүк унаалар 10 күндө катталбаса 20 миң айып пул салынат

Чет өлкөдөн алынып келген унаалар Кыргызстанга киргенден кийин 10 күндүн ичинде каттоого турууга тийиш экенин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы эскертти. Ведомствонун маалыматына ылайык, эгер каттоо мөөнөтү өтүп кетсе, унаа айып короо жайына киргизилип, тиешелүү айып салынат. "Ошондой эле эгер унаанын терезелери ал өлкөдө караңгылатылган болсо, биздин өлкөдө

Объектилерди оңдоонун 25,7%ын жергиликтүү бюджет камсыздаган

Объектилерди оңдоонун 25,7%ын жергиликтүү бюджет камсыздаган

2025-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстанда капиталдык жана учурдагы оңдоп-түзөө иштерине 16 миллиард 565,6 миллион сом сарпталганы Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтарында айтылат. Каржылоонун жалпы суммасынын 53,2%ын ишканалар жана уюмдар камсыз кылган. Ошондой эле каржылоо үлүшүнүн 25,7%ын – жергиликтүү бюджеттер жана 19,3%ын республикалык бюджет түзгөн. Ал эми

Майлуу-Суу заводу акырындап башка өндүрүшкө өтөт

Майлуу-Суу заводу акырындап башка өндүрүшкө өтөт

МинКаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 2-январда Майлуу-Суу лампа заводунун кызматкерлери менен жолугушту. Ал кызматкерлердин соңку үч айдан бери ала албай жаткан маянасы мамлекеттик бюджеттен төлөнүп берилерин белгиледи. Ошондой эле ал заводдун мындан аркы иши боюнча маселе каралып жатканын, буга чейин кыскартууга кеткен 550дөй кызматкер азырынча жумушка алынбай турганын тактады.

Такси айдоочулары 1-февралга чейин лицензия алышы керек

Такси айдоочулары 1-февралга чейин лицензия алышы керек

Милициянын патрулдук кызмат башкармалыгы (МПКБ) такси айдоочуларына 2026-жылдын 1-февралына чейин белгиленген процедураны өтүп, таксомотордук ишти жүргүзүү үчүн бардык керектүү документтерди топтоо боюнча кайрылды. 1-февралдан баштап, МПКБ кызматкерлери тиешелүү лицензиясы жок жүргүнчү ташыган айдоочуларды аныктоо үчүн профилактикалык рейддерди жүргүзө башташат. Эреже бузган айдоочуларга мыйзам боюнча чаралар көрүлөт. МПКБ бардык такси айдоочулары