Чоң-Алайдагы “Кыргыз-Чех” компаниясы күнүнө 20 тонна таза суу өндүрүүдө
Ош облусунун Чоң-Алай районунда ишмердүүлүк жүргүзгөн “Кыргыз-Чех биргелешкен суу компаниясы” күнүнө орточо 20 тонна таза суу өндүрөт. Компания 2018-жылы негизделип, деңиз деңгээлинен 3485 метр бийиктиктеги тоо булактарынан суу алып, заманбап фильтрлөө жана тазалоо технологиялары менен иштетет.
Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, ишканада 15 адам туруктуу жумуш орду менен камсыздалган. Өндүрүш Чехиядан келген жогорку технологиялуу жабдууларда жүргүзүлүп, эл аралык стандарттартка жооп берет. Бул таза сууну ички рынокко жеткирүүнүн катарында чет өлкөгө экспорттоого да мүмкүнчүлүк түзөт.
Министрлик мындай биргелешкен долбоорлорду колдоп, аймактардагы өндүрүштү өнүктүрүү, жумуш орундарын көбөйтүү жана инвестициялык климатты жакшыртуу багытында маанилүү кадамдарды жасап жатат.