Чүйдөгү көмүр кампаларга экологиялык көзөмөл жүргүзүлүүдө

Чүйдөгү көмүр кампаларга экологиялык көзөмөл жүргүзүлүүдө

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгы көмүр кампаларда түшүндүрүү жана көзөмөл иштерин жүргүзүүдө.

Министрликтин маалыматына ылайык, иш-чаранын алкагында Ысык-Ата жана Жайыл райондорундагы "Гефест" ЖЧКсы жана "Көмүр Магнат" ЖЧКсынын кампаларында Экологиялык мониторинг департаменти менен биргеликте көмүрдүн сапаты жана радиациялык фону текшерилди.

Бул иштер Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-октябрындагы №639 токтомунаткаруу максатында жүргүзүлүп, ага ылайык 0–13 мм фракциядагы чачылма көмүрдү ташууга, сатууга жана пайдаланууга тыюу салынат.

Чүй башкармалыгы экологиялык талаптардын сакталышын туруктуу көзөмөлдөп, ишкерлер менен түшүндүрүү иштерин улантууда. Бул чаралар абанын булгануусун азайтуу жана калктын экологиялык коопсуздугун камсыздоо максатын көздөйт.

Мындан тышкары окуңуз

АКШда Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды

АКШда Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды

АКШда коллекциялык Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды. Бул сейрек Пикачу Illustrator картасы 1998-жылы Pokémon сүрөт конкурсу үчүн жасалган 39 экземплярдын бири. Бул аукциондо сатылган эң кымбат коллекциялык карта болуп калды. Беш жыл мурун америкалык рестлер жана YouTube блогери Логан Пол аны 5,275 млн долларга сатып алып,

Кыргызстанда 4 жылда 173 млрд 596 млн сом инвестиция өздөштүрүлдү

Кыргызстанда 4 жылда 173 млрд 596 млн сом инвестиция өздөштүрүлдү

2021–2025-жылдар аралыгында Кыргызстанда 173 млрд 596,1 млн сом өлчөмүндө инвестиция өздөштүрүлгөнүн Кыргызстандын Финансы министрлиги маалымдады. Министрлик транспорт, энергетика, суу менен камсыздоо, саламаттык сактоо жана агрардык сектордогу стратегиялык долбоорлор боюнча маалымат берди. Транспорт — 47 771,4 млн сом Шаардык транспорт жаңыланып, 124 кысылган жаратылыш газы (КПГ) менен жүргөн автобус

Баткенде ЖРТдан жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө сыйлык берилет

Баткенде ЖРТдан жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө сыйлык берилет

Баткенде “Зээндүү жаштар – 2026” форуму өткөнүн Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Облус жетекчисинин орун басары Жаныбек Исаков бүтүрүүчүлөргө алдыдагы жалпы республикалык тестирлөөгө активдүү даярданууга, талыкпай эмгектенип, максат коюп, ошол максатка жетүүгө, ар тараптан өнүгүүгө чакырды. Форумга билим берүү тармагындагы тажрыйбалуу жана ийгиликтүү спикерлер чакырылып, алар мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ЖРТга активдүү даярдануу, кесип

Тамчылатып сугаруу менен 2 гектардан 28 тонна карагат алган чемпион

Тамчылатып сугаруу менен 2 гектардан 28 тонна карагат алган чемпион

“Агродиалог-2025” форумунун чемпиону Руслан Миңбаев “Агродиалог-2026” форумун утурлай, карагат өстүрүүдөгү тажрыйбасы жана жетишкен ийгиликтери тууралуу айтып берди. Бул багбанчылык долбоору 2012-жылы башталган. Ал эми карагат багын негиздөө иштери 2016-жылы жүзөгө ашырылган. Ал убакта аймакта карагатты ири көлөмдө өстүргөн, заманбап техникаларды колдонгон дыйкандар дээрлик жок болчу. Биз алгачкылардан болуп бул багытта