ИИМ шайлоочуларга мыйзамдуулукту сактоону эскертти

ИИМ шайлоочуларга мыйзамдуулукту сактоону эскертти

Ички иштер министрлиги 30-ноябрда өтүүчү Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо учурунда жарандарды мыйзамдуулукту сактоого чакырды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

ИИМ эскертет: шайлоочуларды сатып алуу, алардын эркин тандоосуна таасир этүү жана башка укукка каршы аракеттер кылмыш жоопкерчилигине алып келиши мүмкүн. Укук бузуулар тууралуу фактылар боюнча ички иштер органдарына кабарлоону өтүнөт.

Министрлик жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн, үй комитеттерин, медицина жана билим берүү кызматкерлерин, калк менен тыгыз байланышта болгон бардык адамдарды шайлоо өнөктүгүнө аралашпоого жана административдик ресурстарды колдонбоого чакырды.

ИИМ жарандарды текшерилбеген маалыматтарды таратпоо жана шайлоо учурунда коомдук ишенимди сактоо маанилүү экенин белгилейт. Милиция саясаттан тышкары, анын негизги милдети — коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо, ар бир жарандын укуктарын коргоо болуп саналат,-деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары окуңуз

АКШда Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды

АКШда Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды

АКШда коллекциялык Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды. Бул сейрек Пикачу Illustrator картасы 1998-жылы Pokémon сүрөт конкурсу үчүн жасалган 39 экземплярдын бири. Бул аукциондо сатылган эң кымбат коллекциялык карта болуп калды. Беш жыл мурун америкалык рестлер жана YouTube блогери Логан Пол аны 5,275 млн долларга сатып алып,

Кыргызстанда 4 жылда 173 млрд 596 млн сом инвестиция өздөштүрүлдү

Кыргызстанда 4 жылда 173 млрд 596 млн сом инвестиция өздөштүрүлдү

2021–2025-жылдар аралыгында Кыргызстанда 173 млрд 596,1 млн сом өлчөмүндө инвестиция өздөштүрүлгөнүн Кыргызстандын Финансы министрлиги маалымдады. Министрлик транспорт, энергетика, суу менен камсыздоо, саламаттык сактоо жана агрардык сектордогу стратегиялык долбоорлор боюнча маалымат берди. Транспорт — 47 771,4 млн сом Шаардык транспорт жаңыланып, 124 кысылган жаратылыш газы (КПГ) менен жүргөн автобус

Баткенде ЖРТдан жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө сыйлык берилет

Баткенде ЖРТдан жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө сыйлык берилет

Баткенде “Зээндүү жаштар – 2026” форуму өткөнүн Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Облус жетекчисинин орун басары Жаныбек Исаков бүтүрүүчүлөргө алдыдагы жалпы республикалык тестирлөөгө активдүү даярданууга, талыкпай эмгектенип, максат коюп, ошол максатка жетүүгө, ар тараптан өнүгүүгө чакырды. Форумга билим берүү тармагындагы тажрыйбалуу жана ийгиликтүү спикерлер чакырылып, алар мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ЖРТга активдүү даярдануу, кесип

Тамчылатып сугаруу менен 2 гектардан 28 тонна карагат алган чемпион

Тамчылатып сугаруу менен 2 гектардан 28 тонна карагат алган чемпион

“Агродиалог-2025” форумунун чемпиону Руслан Миңбаев “Агродиалог-2026” форумун утурлай, карагат өстүрүүдөгү тажрыйбасы жана жетишкен ийгиликтери тууралуу айтып берди. Бул багбанчылык долбоору 2012-жылы башталган. Ал эми карагат багын негиздөө иштери 2016-жылы жүзөгө ашырылган. Ал убакта аймакта карагатты ири көлөмдө өстүргөн, заманбап техникаларды колдонгон дыйкандар дээрлик жок болчу. Биз алгачкылардан болуп бул багытта