Кыргызстан уй жана кой эти менен өзүн толук камсыздайт

Кыргызстан уй жана кой эти менен өзүн толук камсыздайт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстан учурда уй жана кой эти боюнча ички рынокту толук камсыздай алат. Тоок эти болсо квота аркылуу импорттолот: 2025-жылы 58 миң тонна, 2026-жылы 48 миң тонна импорттолору күтүлүүдө.

Министрлик белгилегендей, уй жана кой этинин баасы боюнча мамлекеттик жөнгө салуу 2025-жылдын 31-декабрына чейин узартылган. Бул чара эт рыногунда баанын кескин көтөрүлүшүнө жол бербөө, ички рынокту турукташтыруу жана калктын социалдык аялуу катмарына жеткиликтүү болушун камсыздоо максатында кабыл алынган.

Азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Уран Чекирбаевдин айтымында, дүйнөлүк жана ички инфляциянын жогорку деңгээлине байланыштуу бааны туруктуу кармоо боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө. Учурда уй жана кой этинин баасы 600–700 сомдун тегерегинде, ал сакталууга аракет кылынууда.

Ошондой эле тирүү малдын экспорту токтотулуп, ички рынокто жетиштүү көлөмдө эт сунушталуусу камсыздалууда.

Мындан тышкары окуңуз

АКШда Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды

АКШда Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды

АКШда коллекциялык Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды. Бул сейрек Пикачу Illustrator картасы 1998-жылы Pokémon сүрөт конкурсу үчүн жасалган 39 экземплярдын бири. Бул аукциондо сатылган эң кымбат коллекциялык карта болуп калды. Беш жыл мурун америкалык рестлер жана YouTube блогери Логан Пол аны 5,275 млн долларга сатып алып,

Кыргызстанда 4 жылда 173 млрд 596 млн сом инвестиция өздөштүрүлдү

Кыргызстанда 4 жылда 173 млрд 596 млн сом инвестиция өздөштүрүлдү

2021–2025-жылдар аралыгында Кыргызстанда 173 млрд 596,1 млн сом өлчөмүндө инвестиция өздөштүрүлгөнүн Кыргызстандын Финансы министрлиги маалымдады. Министрлик транспорт, энергетика, суу менен камсыздоо, саламаттык сактоо жана агрардык сектордогу стратегиялык долбоорлор боюнча маалымат берди. Транспорт — 47 771,4 млн сом Шаардык транспорт жаңыланып, 124 кысылган жаратылыш газы (КПГ) менен жүргөн автобус

Баткенде ЖРТдан жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө сыйлык берилет

Баткенде ЖРТдан жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө сыйлык берилет

Баткенде “Зээндүү жаштар – 2026” форуму өткөнүн Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Облус жетекчисинин орун басары Жаныбек Исаков бүтүрүүчүлөргө алдыдагы жалпы республикалык тестирлөөгө активдүү даярданууга, талыкпай эмгектенип, максат коюп, ошол максатка жетүүгө, ар тараптан өнүгүүгө чакырды. Форумга билим берүү тармагындагы тажрыйбалуу жана ийгиликтүү спикерлер чакырылып, алар мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ЖРТга активдүү даярдануу, кесип

Тамчылатып сугаруу менен 2 гектардан 28 тонна карагат алган чемпион

Тамчылатып сугаруу менен 2 гектардан 28 тонна карагат алган чемпион

“Агродиалог-2025” форумунун чемпиону Руслан Миңбаев “Агродиалог-2026” форумун утурлай, карагат өстүрүүдөгү тажрыйбасы жана жетишкен ийгиликтери тууралуу айтып берди. Бул багбанчылык долбоору 2012-жылы башталган. Ал эми карагат багын негиздөө иштери 2016-жылы жүзөгө ашырылган. Ал убакта аймакта карагатты ири көлөмдө өстүргөн, заманбап техникаларды колдонгон дыйкандар дээрлик жок болчу. Биз алгачкылардан болуп бул багытта