Ош шаарында ART EXPO эл аралык көргөзмөсү өтүп жатат

Ош шаарында ART EXPO эл аралык көргөзмөсү өтүп жатат

Ош шаарында Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин демилгеси жана Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен кечээтен тарта КМШга мүчө мамлекеттердин ART EXPO эл аралык көргөзмөсү өтүп жатканын “Кабар” маалымат агенттиги жазды. 

Ачылыш аземине маданият министринин орун басары Союзбек Надырбеков жана Ош шаарынын мэринин орун басары Нурлан Закиров катышты. 

Көргөзмөнүн алкагында Ош шаардык маданият башкармалыгы тарабынан даярдалган концерттик программа, КМШ өлкөлөрүнүн белгилүү дизайнерлеринин мода көрсөтүүсү, ошондой эле кол өнөрчүлүк жана сүрөт искусствосунун көргөзмөсү тартууланды.
ART EXPO эл аралык көргөзмөсү - бул КМШга мүчө мамлекеттердин маданият жана искусство тармагындагы жетишкендиктерин чагылдырган ири аянтча болуп саналат. 

Бул ири эл аралык иш-чара Ош шаарын КМШ мейкиндигиндеги маданий борборлордун бири катары көрсөтүп, улуттук искусствонун жана маданияттын эл аралык деңгээлде таанылышына чоң салым кошууда. Көргөзмө 14-ноябрга чейин уланат.

Мындан тышкары окуңуз

АКШда Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды

АКШда Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды

АКШда коллекциялык Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды. Бул сейрек Пикачу Illustrator картасы 1998-жылы Pokémon сүрөт конкурсу үчүн жасалган 39 экземплярдын бири. Бул аукциондо сатылган эң кымбат коллекциялык карта болуп калды. Беш жыл мурун америкалык рестлер жана YouTube блогери Логан Пол аны 5,275 млн долларга сатып алып,

Кыргызстанда 4 жылда 173 млрд 596 млн сом инвестиция өздөштүрүлдү

Кыргызстанда 4 жылда 173 млрд 596 млн сом инвестиция өздөштүрүлдү

2021–2025-жылдар аралыгында Кыргызстанда 173 млрд 596,1 млн сом өлчөмүндө инвестиция өздөштүрүлгөнүн Кыргызстандын Финансы министрлиги маалымдады. Министрлик транспорт, энергетика, суу менен камсыздоо, саламаттык сактоо жана агрардык сектордогу стратегиялык долбоорлор боюнча маалымат берди. Транспорт — 47 771,4 млн сом Шаардык транспорт жаңыланып, 124 кысылган жаратылыш газы (КПГ) менен жүргөн автобус

Баткенде ЖРТдан жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө сыйлык берилет

Баткенде ЖРТдан жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө сыйлык берилет

Баткенде “Зээндүү жаштар – 2026” форуму өткөнүн Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Облус жетекчисинин орун басары Жаныбек Исаков бүтүрүүчүлөргө алдыдагы жалпы республикалык тестирлөөгө активдүү даярданууга, талыкпай эмгектенип, максат коюп, ошол максатка жетүүгө, ар тараптан өнүгүүгө чакырды. Форумга билим берүү тармагындагы тажрыйбалуу жана ийгиликтүү спикерлер чакырылып, алар мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ЖРТга активдүү даярдануу, кесип

Тамчылатып сугаруу менен 2 гектардан 28 тонна карагат алган чемпион

Тамчылатып сугаруу менен 2 гектардан 28 тонна карагат алган чемпион

“Агродиалог-2025” форумунун чемпиону Руслан Миңбаев “Агродиалог-2026” форумун утурлай, карагат өстүрүүдөгү тажрыйбасы жана жетишкен ийгиликтери тууралуу айтып берди. Бул багбанчылык долбоору 2012-жылы башталган. Ал эми карагат багын негиздөө иштери 2016-жылы жүзөгө ашырылган. Ал убакта аймакта карагатты ири көлөмдө өстүргөн, заманбап техникаларды колдонгон дыйкандар дээрлик жок болчу. Биз алгачкылардан болуп бул багытта