Өсүмдүктөрдүн коопсуздугу үчүн 10 айда 40 миңден ашык экспертиза жүргүзүлгөн

Өсүмдүктөрдүн коопсуздугу үчүн 10 айда 40 миңден ашык  экспертиза жүргүзүлгөн
Shutterstock

Үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айларынын аралыгында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораториялар тарабынан 40 267 экспертиза жүргүзүлдү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, карантиндик текшерүү жана анализ жүргүзүү үчүн лабораторияларга жалпысынан 18 703 даана үлгү тапшырылган. Алардын ичинен:

Импорттук продукциялардан – 7 820 үлгү;
Экспорттук продукциялардан – 5 954 үлгү;
Изилдөө иштеринен – 1 248 үлгү;
Жарандардын кайрылуулары боюнча – 525 үлгү;
Феромон тузактарынан алынган – 3 105 үлгү.

Жыйынтыгында жүргүзүлгөн экспертизалардын натыйжасында 16 түр карантиндик зыяндуу организмдер аныкталды.

Өсүмдүктөрдүн карантини — бул өсүмдүктөрдү жана айыл чарба продукцияларын ар түрдүү зыяндуу курт-кумурскалардан жана оорулардан коргоо максатында жүргүзүлүүчү көзөмөл чаралары. Бул иш-чаралар зыяндуу организмдердин өлкө аймагына кирүүсүн жана жайылышын алдын алууга багытталган.

Министрлик белгилегендей, өсүмдүктөрдүн карантиндик коопсуздугун камсыздоо иштери мындан ары да улантылат.

Мындан тышкары окуңуз

АКШда Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды

АКШда Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды

АКШда коллекциялык Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды. Бул сейрек Пикачу Illustrator картасы 1998-жылы Pokémon сүрөт конкурсу үчүн жасалган 39 экземплярдын бири. Бул аукциондо сатылган эң кымбат коллекциялык карта болуп калды. Беш жыл мурун америкалык рестлер жана YouTube блогери Логан Пол аны 5,275 млн долларга сатып алып,

Кыргызстанда 4 жылда 173 млрд 596 млн сом инвестиция өздөштүрүлдү

Кыргызстанда 4 жылда 173 млрд 596 млн сом инвестиция өздөштүрүлдү

2021–2025-жылдар аралыгында Кыргызстанда 173 млрд 596,1 млн сом өлчөмүндө инвестиция өздөштүрүлгөнүн Кыргызстандын Финансы министрлиги маалымдады. Министрлик транспорт, энергетика, суу менен камсыздоо, саламаттык сактоо жана агрардык сектордогу стратегиялык долбоорлор боюнча маалымат берди. Транспорт — 47 771,4 млн сом Шаардык транспорт жаңыланып, 124 кысылган жаратылыш газы (КПГ) менен жүргөн автобус

Баткенде ЖРТдан жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө сыйлык берилет

Баткенде ЖРТдан жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө сыйлык берилет

Баткенде “Зээндүү жаштар – 2026” форуму өткөнүн Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Облус жетекчисинин орун басары Жаныбек Исаков бүтүрүүчүлөргө алдыдагы жалпы республикалык тестирлөөгө активдүү даярданууга, талыкпай эмгектенип, максат коюп, ошол максатка жетүүгө, ар тараптан өнүгүүгө чакырды. Форумга билим берүү тармагындагы тажрыйбалуу жана ийгиликтүү спикерлер чакырылып, алар мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ЖРТга активдүү даярдануу, кесип

Тамчылатып сугаруу менен 2 гектардан 28 тонна карагат алган чемпион

Тамчылатып сугаруу менен 2 гектардан 28 тонна карагат алган чемпион

“Агродиалог-2025” форумунун чемпиону Руслан Миңбаев “Агродиалог-2026” форумун утурлай, карагат өстүрүүдөгү тажрыйбасы жана жетишкен ийгиликтери тууралуу айтып берди. Бул багбанчылык долбоору 2012-жылы башталган. Ал эми карагат багын негиздөө иштери 2016-жылы жүзөгө ашырылган. Ал убакта аймакта карагатты ири көлөмдө өстүргөн, заманбап техникаларды колдонгон дыйкандар дээрлик жок болчу. Биз алгачкылардан болуп бул багытта