Тынчтык мыйзамы сакталбаса, жергиликтүү бийлик жооп берет
Мындан ары кафе-ресторандарда, оюн-зоок борборлору жана түнкү клубдарда саат 22:00дөн кийин иш токтошу керек. Мында пикирин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Анын айтымында кайсы жерде мыйзам сакталбай турган болсо, ага акимдер, губернатор, мэрлер жана жергиликтүү бийлик органдары жооп беришет. “Тынчтык жөнүндө” мыйзамга ылайык, тойканалар, оюн-зоок борборлору саат 22:00дө ишин токтотуп, таңкы саат 07:00гө чейин элге тынчтык берилиши милдеттендирилген. Бирок бул талап аткарылбай жатат.
"Жакында эле кесиптешибиздин тоюна барып калдым. Алардын тою түнкү саат 00:00гө чейин уланды, эч ким унчуккан жок. Андан кийин жакында Жалал-Абадда туугандарыбыздын тою дагы түнкү саат 23:00гө чейин уланды. Демек, жер-жерлерде Тынчтык мыйзамы аткарылбай жатат. Эми эгер кимдир бирөө мыйзамга баш ийбесе, губернатор, аким, мэр жана жергиликтүү бийлик органдары жооп берет", — деди Ташиев.