Ысык-Көлдө 150 орундуу мектеп салынып жатат

Ысык-Көлдө 150 орундуу мектеп салынып жатат

Ысык-Көл районуна караштуу Өрүктү айылында 150 орундуу жаңы мектептин курулушу кызуу жүрүп жатат. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, наркы 89 миллион сомду түзөт. Бул тууралуу Курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, курулуш иштери учурда 85%га жакын бүткөрүлдү. Башкы долбоорго ылайык, мектеп эки кабаттуу окуу корпусунан жана заманбап спорт залынан турат. Объекттин жалпы аянты 1280 чарчы метрди түзөт.

Белгилей кетсек, Өрүктү айылындагы эски мектеп имараты 1954-жылы курулуп, кийин 1985-жылы экинчи корпусу кошулган. Жаңы мектеп пайдаланууга берилгенден кийин айылдагы окуучулар заманбап шартта билим алууга мүмкүнчүлүк алышат.

Мындан тышкары окуңуз

Чет өлкөлүк унаалар 10 күндө катталбаса 20 миң айып пул салынат

Чет өлкөлүк унаалар 10 күндө катталбаса 20 миң айып пул салынат

Чет өлкөдөн алынып келген унаалар Кыргызстанга киргенден кийин 10 күндүн ичинде каттоого турууга тийиш экенин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы эскертти. Ведомствонун маалыматына ылайык, эгер каттоо мөөнөтү өтүп кетсе, унаа айып короо жайына киргизилип, тиешелүү айып салынат. "Ошондой эле эгер унаанын терезелери ал өлкөдө караңгылатылган болсо, биздин өлкөдө

Объектилерди оңдоонун 25,7%ын жергиликтүү бюджет камсыздаган

Объектилерди оңдоонун 25,7%ын жергиликтүү бюджет камсыздаган

2025-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстанда капиталдык жана учурдагы оңдоп-түзөө иштерине 16 миллиард 565,6 миллион сом сарпталганы Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтарында айтылат. Каржылоонун жалпы суммасынын 53,2%ын ишканалар жана уюмдар камсыз кылган. Ошондой эле каржылоо үлүшүнүн 25,7%ын – жергиликтүү бюджеттер жана 19,3%ын республикалык бюджет түзгөн. Ал эми

Майлуу-Суу заводу акырындап башка өндүрүшкө өтөт

Майлуу-Суу заводу акырындап башка өндүрүшкө өтөт

МинКаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 2-январда Майлуу-Суу лампа заводунун кызматкерлери менен жолугушту. Ал кызматкерлердин соңку үч айдан бери ала албай жаткан маянасы мамлекеттик бюджеттен төлөнүп берилерин белгиледи. Ошондой эле ал заводдун мындан аркы иши боюнча маселе каралып жатканын, буга чейин кыскартууга кеткен 550дөй кызматкер азырынча жумушка алынбай турганын тактады.

Такси айдоочулары 1-февралга чейин лицензия алышы керек

Такси айдоочулары 1-февралга чейин лицензия алышы керек

Милициянын патрулдук кызмат башкармалыгы (МПКБ) такси айдоочуларына 2026-жылдын 1-февралына чейин белгиленген процедураны өтүп, таксомотордук ишти жүргүзүү үчүн бардык керектүү документтерди топтоо боюнча кайрылды. 1-февралдан баштап, МПКБ кызматкерлери тиешелүү лицензиясы жок жүргүнчү ташыган айдоочуларды аныктоо үчүн профилактикалык рейддерди жүргүзө башташат. Эреже бузган айдоочуларга мыйзам боюнча чаралар көрүлөт. МПКБ бардык такси айдоочулары