Бишкек мэриясы көңүл ачуу жайларынын ишин 22:00гө чейин чектеди

Бишкек мэриясы көңүл ачуу жайларынын ишин 22:00гө чейин чектеди

Шаар тургундарынын тынчтыгын камсыздоо максатында Бишкек шаардык мэриясы жаңы буйрук чыгарды. Бул чечим «Тынчтык жөнүндө» Мыйзамды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу тууралуу мыйзамдарды аткаруунун алкагында кабыл алынды.

Ведомствонун маалыматына караганда, шаардагы кафе, ресторан, бар, клуб, банкет залдары жана башка көңүл ачуу жайлары бардык иш-чараларын токтотуп, ишин саат 22:00дө аяктоого тийиш.

Ошондой эле 22:00дөн кийин электр энергиясын көп керектеген жабдуулар — электр мештери, жылытуучулар, тандырлар — толук өчүрүлүүгө милдеттүү. Катуу музыка коюу жана жарык берүүчү жабдуулар менен жарандардын тынчтыгын бузган иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынды.

Турак жайлардан алыс жайгашкан объектилерге жана мыйзамдын талаптары сакталган учурда электр генераторлорун колдонууга уруксат берилет.

Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө райондук администрациялар жана муниципалдык инспекцияга жүктөлүп, шаарда үзгүлтүксүз рейддер өткөрүлүп турат.

Мындан тышкары окуңуз

АКШда Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды

АКШда Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды

АКШда коллекциялык Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды. Бул сейрек Пикачу Illustrator картасы 1998-жылы Pokémon сүрөт конкурсу үчүн жасалган 39 экземплярдын бири. Бул аукциондо сатылган эң кымбат коллекциялык карта болуп калды. Беш жыл мурун америкалык рестлер жана YouTube блогери Логан Пол аны 5,275 млн долларга сатып алып,

Кыргызстанда 4 жылда 173 млрд 596 млн сом инвестиция өздөштүрүлдү

Кыргызстанда 4 жылда 173 млрд 596 млн сом инвестиция өздөштүрүлдү

2021–2025-жылдар аралыгында Кыргызстанда 173 млрд 596,1 млн сом өлчөмүндө инвестиция өздөштүрүлгөнүн Кыргызстандын Финансы министрлиги маалымдады. Министрлик транспорт, энергетика, суу менен камсыздоо, саламаттык сактоо жана агрардык сектордогу стратегиялык долбоорлор боюнча маалымат берди. Транспорт — 47 771,4 млн сом Шаардык транспорт жаңыланып, 124 кысылган жаратылыш газы (КПГ) менен жүргөн автобус

Баткенде ЖРТдан жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө сыйлык берилет

Баткенде ЖРТдан жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө сыйлык берилет

Баткенде “Зээндүү жаштар – 2026” форуму өткөнүн Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Облус жетекчисинин орун басары Жаныбек Исаков бүтүрүүчүлөргө алдыдагы жалпы республикалык тестирлөөгө активдүү даярданууга, талыкпай эмгектенип, максат коюп, ошол максатка жетүүгө, ар тараптан өнүгүүгө чакырды. Форумга билим берүү тармагындагы тажрыйбалуу жана ийгиликтүү спикерлер чакырылып, алар мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ЖРТга активдүү даярдануу, кесип

Тамчылатып сугаруу менен 2 гектардан 28 тонна карагат алган чемпион

Тамчылатып сугаруу менен 2 гектардан 28 тонна карагат алган чемпион

“Агродиалог-2025” форумунун чемпиону Руслан Миңбаев “Агродиалог-2026” форумун утурлай, карагат өстүрүүдөгү тажрыйбасы жана жетишкен ийгиликтери тууралуу айтып берди. Бул багбанчылык долбоору 2012-жылы башталган. Ал эми карагат багын негиздөө иштери 2016-жылы жүзөгө ашырылган. Ал убакта аймакта карагатты ири көлөмдө өстүргөн, заманбап техникаларды колдонгон дыйкандар дээрлик жок болчу. Биз алгачкылардан болуп бул багытта