Бишкекте таштандыларды кайра иштетүүчү заводго пилоттук жеткирүү болду

Бишкекте таштандыларды кайра иштетүүчү заводго пилоттук жеткирүү болду

Бүгүн, Бишкекте таштандыларды кайра иштетүүчү заводдо катуу тиричилик калдыктарын биринчи пилоттук жеткирүү жасалды. Ишке киргизүүгө Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жана башка расмий өкүлдөр катышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Пилоттук жеткирүүдө 17 даана атайын техника рейске чыгып, жалпы 126 тонна таштанды заводго жеткирилди. Электр энергиясын өндүрүү процесси таштандылардын көлөмү 1 000 тоннага жеткенден кийин башталат.

Мэр Айбек Джунушалиев объектти өз көзү менен текшерип, курулуштун жүрүшү менен таанышты. Заводдун ачылышы 2025-жылдын 26-декабрында пландаштырылууда.

Долбоор 2023-жылдын ноябрында Бишкек шаарынын мэри жана Junxin компаниясынын башкы директору Дай Даогуо тарабынан кол коюлган келишимдин алкагында ишке ашырылууда. Инвестициялык долбоор Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-мартындагы №113 токтому менен бекитилген жана жалпы инвестициянын көлөмү 95 миллион АКШ долларын түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

АКШда Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды

АКШда Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды

АКШда коллекциялык Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды. Бул сейрек Пикачу Illustrator картасы 1998-жылы Pokémon сүрөт конкурсу үчүн жасалган 39 экземплярдын бири. Бул аукциондо сатылган эң кымбат коллекциялык карта болуп калды. Беш жыл мурун америкалык рестлер жана YouTube блогери Логан Пол аны 5,275 млн долларга сатып алып,

Кыргызстанда 4 жылда 173 млрд 596 млн сом инвестиция өздөштүрүлдү

Кыргызстанда 4 жылда 173 млрд 596 млн сом инвестиция өздөштүрүлдү

2021–2025-жылдар аралыгында Кыргызстанда 173 млрд 596,1 млн сом өлчөмүндө инвестиция өздөштүрүлгөнүн Кыргызстандын Финансы министрлиги маалымдады. Министрлик транспорт, энергетика, суу менен камсыздоо, саламаттык сактоо жана агрардык сектордогу стратегиялык долбоорлор боюнча маалымат берди. Транспорт — 47 771,4 млн сом Шаардык транспорт жаңыланып, 124 кысылган жаратылыш газы (КПГ) менен жүргөн автобус

Баткенде ЖРТдан жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө сыйлык берилет

Баткенде ЖРТдан жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө сыйлык берилет

Баткенде “Зээндүү жаштар – 2026” форуму өткөнүн Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Облус жетекчисинин орун басары Жаныбек Исаков бүтүрүүчүлөргө алдыдагы жалпы республикалык тестирлөөгө активдүү даярданууга, талыкпай эмгектенип, максат коюп, ошол максатка жетүүгө, ар тараптан өнүгүүгө чакырды. Форумга билим берүү тармагындагы тажрыйбалуу жана ийгиликтүү спикерлер чакырылып, алар мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ЖРТга активдүү даярдануу, кесип

Тамчылатып сугаруу менен 2 гектардан 28 тонна карагат алган чемпион

Тамчылатып сугаруу менен 2 гектардан 28 тонна карагат алган чемпион

“Агродиалог-2025” форумунун чемпиону Руслан Миңбаев “Агродиалог-2026” форумун утурлай, карагат өстүрүүдөгү тажрыйбасы жана жетишкен ийгиликтери тууралуу айтып берди. Бул багбанчылык долбоору 2012-жылы башталган. Ал эми карагат багын негиздөө иштери 2016-жылы жүзөгө ашырылган. Ал убакта аймакта карагатты ири көлөмдө өстүргөн, заманбап техникаларды колдонгон дыйкандар дээрлик жок болчу. Биз алгачкылардан болуп бул багытта