Бишкекте тыюу салынган жерлерге токтогон 64 унаа эвакуацияланды
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында "Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм" муниципалдык ишканасы эвакуациялоо боюнча рейд жүргүздү.
Мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, бир күндүн ичинде атайын жол белгиси менен тыюу салынган жерлерге, таштанды челектердин алдына жана аялдамаларга токтогон 64 унаа эвакуацияланып, айып короо жайына киргизилди.
Белгилей кетсек, мындай багыттагы иштер дагы да улантылат. Урматтуу айдоочулар, унааңызды уруксат берилбеген жерлерге токтотпооңуздарды жана токтотуу эрежелерин сактооңуздарды суранабыз,- деп айтылат маалыматта.