Бишкекте заманбап реабилитациялык борбор курууга жер тилкеси каралат

Бишкекте заманбап реабилитациялык борбор курууга жер тилкеси каралат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев тургундар менен жолугушуу өткөрүп, шаардык маселелер боюнча суроолорун угуп чыкты. Жарандар турак жай менчиктештирүү, жер тилкелерин тактоо жана ижара мөөнөтүн узартуу маселелерин көтөрүштү.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, жолугушууда айрым тургундар заманбап реабилитациялык борбор куруу демилгесин сунушташып, буга чейинки долбоорлор боюнча тажрыйбаларын белгилешти.

Мэр Айбек Джунушалиев шаардык кызматтарга борбор курууга ылайыктуу жер тилкесин аныктап, кыска мөөнөттө ишке ашырууну тапшырды. Ал социалдык инфраструктураны өнүктүрүү, жарандардын ден соолугун колдоо жана реабилитациялоо борборлорун куруу Бишкек мэриясынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Чет өлкөлүк унаалар 10 күндө катталбаса 20 миң айып пул салынат

Чет өлкөлүк унаалар 10 күндө катталбаса 20 миң айып пул салынат

Чет өлкөдөн алынып келген унаалар Кыргызстанга киргенден кийин 10 күндүн ичинде каттоого турууга тийиш экенин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы эскертти. Ведомствонун маалыматына ылайык, эгер каттоо мөөнөтү өтүп кетсе, унаа айып короо жайына киргизилип, тиешелүү айып салынат. "Ошондой эле эгер унаанын терезелери ал өлкөдө караңгылатылган болсо, биздин өлкөдө

Объектилерди оңдоонун 25,7%ын жергиликтүү бюджет камсыздаган

Объектилерди оңдоонун 25,7%ын жергиликтүү бюджет камсыздаган

2025-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстанда капиталдык жана учурдагы оңдоп-түзөө иштерине 16 миллиард 565,6 миллион сом сарпталганы Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтарында айтылат. Каржылоонун жалпы суммасынын 53,2%ын ишканалар жана уюмдар камсыз кылган. Ошондой эле каржылоо үлүшүнүн 25,7%ын – жергиликтүү бюджеттер жана 19,3%ын республикалык бюджет түзгөн. Ал эми

Майлуу-Суу заводу акырындап башка өндүрүшкө өтөт

Майлуу-Суу заводу акырындап башка өндүрүшкө өтөт

МинКаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 2-январда Майлуу-Суу лампа заводунун кызматкерлери менен жолугушту. Ал кызматкерлердин соңку үч айдан бери ала албай жаткан маянасы мамлекеттик бюджеттен төлөнүп берилерин белгиледи. Ошондой эле ал заводдун мындан аркы иши боюнча маселе каралып жатканын, буга чейин кыскартууга кеткен 550дөй кызматкер азырынча жумушка алынбай турганын тактады.

Такси айдоочулары 1-февралга чейин лицензия алышы керек

Такси айдоочулары 1-февралга чейин лицензия алышы керек

Милициянын патрулдук кызмат башкармалыгы (МПКБ) такси айдоочуларына 2026-жылдын 1-февралына чейин белгиленген процедураны өтүп, таксомотордук ишти жүргүзүү үчүн бардык керектүү документтерди топтоо боюнча кайрылды. 1-февралдан баштап, МПКБ кызматкерлери тиешелүү лицензиясы жок жүргүнчү ташыган айдоочуларды аныктоо үчүн профилактикалык рейддерди жүргүзө башташат. Эреже бузган айдоочуларга мыйзам боюнча чаралар көрүлөт. МПКБ бардык такси айдоочулары