Д.Трамп "Би-Би-Си" радиосунан 5 млрд долларга чейин компенсация талап кыларын билдирди

Д.Трамп "Би-Би-Си" радиосунан 5 млрд долларга чейин компенсация талап кыларын билдирди

АКШ президенти Дональд Трамп келерки жумада британиялык “Би-би-си” маалымат корпорациясы “Панорама” программасында анын сүйлөгөн сөзүн редакциялап, туура эмес бергени үчүн сотко берерин Reuters маалымдады. 

АКШ лидеринин айтымында, ал “Би-Би-Сиден” 1 млрд доллардан 5 млрд долларга чейин компенсация талап кылат. 

“Мен муну жасашым керек, алар керек болсо алдамчылык кылышканын моюндашпадыбы. Алар менин сүйлөгөн сөзүмдү өзгөртүп коюшкан”,-дейт америкалык президент. 

Эске салсак, 2024-жылы октябрь айында АКШ президенттигине шайлоого бир жума мурун “Би-Би-Сиде” “Панорама” программасы чыккан. Анда 2021-жылы 6-январдагы Капитолийди штурмалоо жөнүндө айтылып жатып, Дональд Трамптын эки башка жерде сүйлөгөн сөзү чогулгандарды башаламандыкка жана зомбулукка  чакыргандай монтаждалып берилген.  

Бул окуядан соң “Би-Би-Синин” башкы директору Тим Дэйви жана редакциянын жаңылыктар бөлүмүнүн башчысы Дебора Тернесс кызматтан кеткен.  Би-Би-Си” буга чейин Дональд Трамптан расмий кечирим сураганы менен компенсация төлөөдөн баш тарткан. 

Мындан тышкары окуңуз

АКШда Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды

АКШда Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды

АКШда коллекциялык Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды. Бул сейрек Пикачу Illustrator картасы 1998-жылы Pokémon сүрөт конкурсу үчүн жасалган 39 экземплярдын бири. Бул аукциондо сатылган эң кымбат коллекциялык карта болуп калды. Беш жыл мурун америкалык рестлер жана YouTube блогери Логан Пол аны 5,275 млн долларга сатып алып,

Кыргызстанда 4 жылда 173 млрд 596 млн сом инвестиция өздөштүрүлдү

Кыргызстанда 4 жылда 173 млрд 596 млн сом инвестиция өздөштүрүлдү

2021–2025-жылдар аралыгында Кыргызстанда 173 млрд 596,1 млн сом өлчөмүндө инвестиция өздөштүрүлгөнүн Кыргызстандын Финансы министрлиги маалымдады. Министрлик транспорт, энергетика, суу менен камсыздоо, саламаттык сактоо жана агрардык сектордогу стратегиялык долбоорлор боюнча маалымат берди. Транспорт — 47 771,4 млн сом Шаардык транспорт жаңыланып, 124 кысылган жаратылыш газы (КПГ) менен жүргөн автобус

Баткенде ЖРТдан жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө сыйлык берилет

Баткенде ЖРТдан жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө сыйлык берилет

Баткенде “Зээндүү жаштар – 2026” форуму өткөнүн Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Облус жетекчисинин орун басары Жаныбек Исаков бүтүрүүчүлөргө алдыдагы жалпы республикалык тестирлөөгө активдүү даярданууга, талыкпай эмгектенип, максат коюп, ошол максатка жетүүгө, ар тараптан өнүгүүгө чакырды. Форумга билим берүү тармагындагы тажрыйбалуу жана ийгиликтүү спикерлер чакырылып, алар мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ЖРТга активдүү даярдануу, кесип

Тамчылатып сугаруу менен 2 гектардан 28 тонна карагат алган чемпион

Тамчылатып сугаруу менен 2 гектардан 28 тонна карагат алган чемпион

“Агродиалог-2025” форумунун чемпиону Руслан Миңбаев “Агродиалог-2026” форумун утурлай, карагат өстүрүүдөгү тажрыйбасы жана жетишкен ийгиликтери тууралуу айтып берди. Бул багбанчылык долбоору 2012-жылы башталган. Ал эми карагат багын негиздөө иштери 2016-жылы жүзөгө ашырылган. Ал убакта аймакта карагатты ири көлөмдө өстүргөн, заманбап техникаларды колдонгон дыйкандар дээрлик жок болчу. Биз алгачкылардан болуп бул багытта