Бишкек мэриясы өрттөн жабыркагандарга жардам көрсөтүүдө

Бишкек мэриясы өрттөн жабыркагандарга жардам көрсөтүүдө

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Чыңгыз Айтматов проспектисинде өрт чыккан үйгө барып, тургундар менен жолукту. Ал алардын кайрылууларын угуп, мэрия жабыркаган үй-бүлөлөргө биринчи кезектеги жардам көрсөтүү иштерин баштаганын билдирди.

Текшерүү учурунда имарат катуу жабыркап, жашоого жараксыз экени аныкталды. Мэрияда жабыркаган үй-бүлөлөрдүн турак жай маселесин чечүүгө багытталган бир нече вариант каралууда. Алардын бири — тургундарды Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу турак жай менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү боюнча мамлекет башчысына сунуш даярдоо.

Өрт болгон жерге баргандан кийин Айбек Джунушалиев ооруканада жаткан жабыркагандарды да барып көрдү. Ал алардын абалын сурап, мэриянын резервдик фондунан каражат бөлүү үчүн зарыл болгон документтер даярдалып жатканын билдирди.

Өрттөн жабыркаган үйдүн жашоочулары убактылуу А.Каниметов атындагы №1 Гимназия-интернатына жайгаштырылды. Ал жерде негизги шарттар түзүлүп, шаардык кызматтар керектүү жардам көрсөтүп, учурдагы маселелерди чечүүгө көмөктөшүп жатышат.

Бишкек шаарынын мэриясы кырдаалды тыкыр көзөмөлдөп, жабыркаган үй-бүлөлөргө тийиши керек болгон жардам толук көрсөтүлүшүн камсыз кылуу боюнча иштерди улантууда.

Мындан тышкары окуңуз

АКШда Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды

АКШда Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды

АКШда коллекциялык Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды. Бул сейрек Пикачу Illustrator картасы 1998-жылы Pokémon сүрөт конкурсу үчүн жасалган 39 экземплярдын бири. Бул аукциондо сатылган эң кымбат коллекциялык карта болуп калды. Беш жыл мурун америкалык рестлер жана YouTube блогери Логан Пол аны 5,275 млн долларга сатып алып,

Кыргызстанда 4 жылда 173 млрд 596 млн сом инвестиция өздөштүрүлдү

Кыргызстанда 4 жылда 173 млрд 596 млн сом инвестиция өздөштүрүлдү

2021–2025-жылдар аралыгында Кыргызстанда 173 млрд 596,1 млн сом өлчөмүндө инвестиция өздөштүрүлгөнүн Кыргызстандын Финансы министрлиги маалымдады. Министрлик транспорт, энергетика, суу менен камсыздоо, саламаттык сактоо жана агрардык сектордогу стратегиялык долбоорлор боюнча маалымат берди. Транспорт — 47 771,4 млн сом Шаардык транспорт жаңыланып, 124 кысылган жаратылыш газы (КПГ) менен жүргөн автобус

Баткенде ЖРТдан жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө сыйлык берилет

Баткенде ЖРТдан жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө сыйлык берилет

Баткенде “Зээндүү жаштар – 2026” форуму өткөнүн Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Облус жетекчисинин орун басары Жаныбек Исаков бүтүрүүчүлөргө алдыдагы жалпы республикалык тестирлөөгө активдүү даярданууга, талыкпай эмгектенип, максат коюп, ошол максатка жетүүгө, ар тараптан өнүгүүгө чакырды. Форумга билим берүү тармагындагы тажрыйбалуу жана ийгиликтүү спикерлер чакырылып, алар мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ЖРТга активдүү даярдануу, кесип

Тамчылатып сугаруу менен 2 гектардан 28 тонна карагат алган чемпион

Тамчылатып сугаруу менен 2 гектардан 28 тонна карагат алган чемпион

“Агродиалог-2025” форумунун чемпиону Руслан Миңбаев “Агродиалог-2026” форумун утурлай, карагат өстүрүүдөгү тажрыйбасы жана жетишкен ийгиликтери тууралуу айтып берди. Бул багбанчылык долбоору 2012-жылы башталган. Ал эми карагат багын негиздөө иштери 2016-жылы жүзөгө ашырылган. Ал убакта аймакта карагатты ири көлөмдө өстүргөн, заманбап техникаларды колдонгон дыйкандар дээрлик жок болчу. Биз алгачкылардан болуп бул багытта