Digital Farmer Hackathon 2025: Санарип фермерлер арасында идеялар сынагы өтөт

Digital Farmer Hackathon 2025: Санарип фермерлер арасында идеялар сынагы өтөт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 27-ноябрда өтө турган Digital Farmer Hackathon 2025 иш-чарасына катталуу башталганын маалымдады. Иш-чара Бишкек шаарындагы Technopark Meta Hall имаратында өтөт.

Хакатондун негизги максаты — IT-адистерди, жаш программисттерди, студенттерди, фермерлерди жана ишкерлерди бириктирип, айыл чарба тармагын санариптештирүүгө багытталган жаңы, креативдүү жана пайдалуу чечимдерди иштеп чыгуу.

Иш-чаранын байге фонду — 200 000 сом, ал үч жеңүүчү командага бөлүнүп берилет.

Катталуу шилтемеси: hackathon.agro.gov.kg

Digital Farmer Hackathon 2025 — инновацияларды колдогон, айыл чарба тармагын жаңы деңгээлге көтөрүүнү көздөгөн ачык платформа. Иш-чарага кызыккан бардык каалоочулар катыша алышат.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба тармагы боюнча цифралар сүйлөйт

Айыл чарба тармагы боюнча цифралар сүйлөйт

Кыргызстандын аймагында дан эгиндеринин 679,0 миң га аянтынан 673,5 миң га (99,2%) жыйналды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу (658,1 миң га) жогору. Орточо түшүмдүүлүк 29,6 ц/га, жалпы өндүрүш 1

Токмокто жаштар үчүн заманбап спорт комплекси курулуп жатат

Токмокто жаштар үчүн заманбап спорт комплекси курулуп жатат

15-ноябрда Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Токмок шаарындагы бир катар курулуш объектилери менен таанышты. Иш-чара жаңы спорт комплекси курулуп жаткан аянттан башталды. Ага шаар мэри Алтынбек Эргешов жана тиешелүү кызматкерлер катышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. Шаардын 3-кичи районунда курулуп жаткан спорт комплекси жаштар үчүн

Ош–Эркештам жолунда жүктөрдүн коопсуздугу күчөтүлүүдө

Ош–Эркештам жолунда жүктөрдүн коопсуздугу күчөтүлүүдө

Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматы ташылып жаткан жүктөрдүн коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-чараларды күчөттү. Кызмат мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчик объектилерди, ошондой эле кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү келишим боюнча куралдуу коргоого алууга укуктуу. Министрликтин маалыматына ылайык, айрыкча Ош–Эркештам жолунда жүк уурдоолордун жана мыйзамсыз аракеттердин алдын алуу максатында кызматкерлер тынымсыз иш

Быйыл Өзбекстандан Кыргызстанга 107 тонна лимон экспорттолгон

Быйыл Өзбекстандан Кыргызстанга 107 тонна лимон экспорттолгон

Январь-сентябрь айларында Өзбекстан Кыргызстандын базарларына 107 тонна лимон экспорттогон. Бул тууралуу Өзбекстандын Статистика комитети жазды. Маалыматка караганда, быйыл тогуз айда Өзбекстан жалпы 2 миң 282 тонна лимонду сыртка саткан, киреше 3,8 миллион долларды түзгөн. Эң көп лимон Россия (1 миң 239 тонна) жана Казакстан (930 тонна) рынокторуна жөнөтүлгөн. Кыргызстандын