Эттин бааларын турукташтыруу боюнча онлайн кеңешме өттү

Эттин бааларын турукташтыруу боюнча онлайн кеңешме өттү

Бүгүн, 17-ноябрда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде Министрдин биринчи орун басары Ж.К. Керималиевдин катышуусунда онлайн форматтагы кеңешме өткөрүлдү.

Министрликтин маалыматына ылайык, кеңешмеге Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы, шаардык мэриялар, жергиликтүү администрациялар жана базар жетекчилери катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө азык-түлүк коопсуздугу, социалдык маанидеги товарлардын, анын ичинде уй жана кой этине болгон бааларды туруктуу кармоо маселелери талкууланды.

Жыйынтыгында, Кыргызстанда уй жана кой этине (сулп этинен тышкары) бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу мөөнөтү 2025-жылдын 31-декабрына чейин узартылганы маалымдалды. Ошондой эле жергиликтүү органдарга фермерлерден түз жеткирилген эт менен калкты үзгүлтүксүз камсыз кылуу тапшырмасы берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Нью-Йорктун жаңы мэри З.Мамдани Куранга кол коюп ант берди

Нью-Йорктун жаңы мэри З.Мамдани Куранга кол коюп ант берди

Жаңы жыл түнүндө Нью-Йорк шаарына мэр болуп шайланган Зохран Мамдани расмий түрдө кызматка киришкенин "Азаттык" жазды. Ант берүү аземи 2026-жылдын алгачкы мүнөттөрүндө Манхэттендеги эксплуатациядан чыгарылган эң эски City Hall метростанциясында өттү. Мамдани үчүн чоң атасына таандык Куранга жана Афроамерикалык маданиятты изилдөө борборунун коллекциясындагы XVIII кылымдын аягына же XIX

Financial Times 2026-жылдагы маанилүү окуялар боюнча божомолун жарыялады

Financial Times 2026-жылдагы маанилүү окуялар боюнча божомолун жарыялады

Financial Times саясий, экономикалык жана технологиялык багыттарды камтыган 2026-жылга карата жылдык божомолун жарыялады. Саясат жана геосаясат боюнча Financial Times аналитиктеринин божомолдору: * FTнин баамында, Дональд Трамп жыл аягына чейин рыноктордун басымы, инфляция жана соода өнөктөштөрүнүн каршылыгынын айынан эң катуу тарифтик коркутууларынан баш тартат. * Украина Донбасстан баш тартуусу аскердик толук кыйроо болгон

Дүйнөдөгү эң бай 500 адамдын байлыгы 2,2 трлн долларга жетти

Дүйнөдөгү эң бай 500 адамдын байлыгы 2,2 трлн долларга жетти

2025-жылы дүйнөдөгү эң бай 500 адамдын байлыгы рекорддук деңгээлде — 2,2 триллион долларга өстү. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги маалымдады. Маалыматка ылайык, Bloomberg байлык индексинде катталган жалпы өсүштүн болжол менен төрттөн бири болгону сегиз адамга туура келген. Алардын арасында Oracle компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Ларри Эллисон, Tesla компаниясынын башкы директору Илон

Кыргызстан Казакстандагы чет элдик катышуусу бар компаниялардын саны боюнча алдыңкы бештикке  кирди

Кыргызстан Казакстандагы чет элдик катышуусу бар компаниялардын саны боюнча алдыңкы бештикке кирди

Казакстандын Стратегиялык пландаштыруу жана реформалар агенттигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 1-январына карата өлкөдө 59 миң 537 чет элдик катышуусу бар компания катталган. Бул көрсөткүч 2023-жылдын аягына салыштырмалуу 6,8%га өскөн. Бул тууралуу казакстандык ЖМКлар жазышкан. Динамикасы (1-ноябрга карата): * 2023-жыл — 55 757 компания * 2024-жыл — 59 351 компания * 2025-жыл — 59 537 компания