Майыптуулугу бар адамдарды колдогон "Биз биргебиз!" айлыгы башталды

Майыптуулугу бар адамдарды колдогон "Биз биргебиз!" айлыгы башталды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги "Биз биргебиз!" аттуу майыптуулугу бар адамдарды колдоо жана боорукерлик айлыгын жарыялады. Иш-чара 15-ноябрдан 15-декабрга чейин өтүп, 3-декабрда Эл аралык майыптуулугу бар адамдар күнүнө арналат.

Айлыктын негизги максаты – коомчулуктун көңүлүн мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктарын коргоого буруп, алардын күнүмдүк турмушуна толук кандуу катышуусуна шарт түзүү, инклюзивдүү демилгелерди өнүктүрүү. Министрлик айлык учурунда бардык мамлекеттик органдарды, жергиликтүү бийликти, бизнес өкүлдөрүн жана жарандарды майыптыгы бар адамдарга көңүл бурууга жана колдоо көрсөтүүгө чакырат.

Маалымат үчүн: Эл аралык майыптуулугу бар адамдар күнү БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 1992-жылы бекитилген. Анын максаты – майыптыгы бар адамдардын укуктарын коомдук жашоонун бардык тармактарында илгерилетүү жана алардын күнүмдүк жашоодо туш болгон көйгөйлөрү тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу.

Айлык – жөн гана иш-чаралар топтому эмес, ар бир адам өзүн керектүү жана корголгон сезген, инклюзивдүү коомду курууга багытталган маанилүү кадам экени айтылат маалыматта.

Мындан тышкары окуңуз

АКШда Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды

АКШда Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды

АКШда коллекциялык Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды. Бул сейрек Пикачу Illustrator картасы 1998-жылы Pokémon сүрөт конкурсу үчүн жасалган 39 экземплярдын бири. Бул аукциондо сатылган эң кымбат коллекциялык карта болуп калды. Беш жыл мурун америкалык рестлер жана YouTube блогери Логан Пол аны 5,275 млн долларга сатып алып,

Кыргызстанда 4 жылда 173 млрд 596 млн сом инвестиция өздөштүрүлдү

Кыргызстанда 4 жылда 173 млрд 596 млн сом инвестиция өздөштүрүлдү

2021–2025-жылдар аралыгында Кыргызстанда 173 млрд 596,1 млн сом өлчөмүндө инвестиция өздөштүрүлгөнүн Кыргызстандын Финансы министрлиги маалымдады. Министрлик транспорт, энергетика, суу менен камсыздоо, саламаттык сактоо жана агрардык сектордогу стратегиялык долбоорлор боюнча маалымат берди. Транспорт — 47 771,4 млн сом Шаардык транспорт жаңыланып, 124 кысылган жаратылыш газы (КПГ) менен жүргөн автобус

Баткенде ЖРТдан жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө сыйлык берилет

Баткенде ЖРТдан жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө сыйлык берилет

Баткенде “Зээндүү жаштар – 2026” форуму өткөнүн Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Облус жетекчисинин орун басары Жаныбек Исаков бүтүрүүчүлөргө алдыдагы жалпы республикалык тестирлөөгө активдүү даярданууга, талыкпай эмгектенип, максат коюп, ошол максатка жетүүгө, ар тараптан өнүгүүгө чакырды. Форумга билим берүү тармагындагы тажрыйбалуу жана ийгиликтүү спикерлер чакырылып, алар мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ЖРТга активдүү даярдануу, кесип

Тамчылатып сугаруу менен 2 гектардан 28 тонна карагат алган чемпион

Тамчылатып сугаруу менен 2 гектардан 28 тонна карагат алган чемпион

“Агродиалог-2025” форумунун чемпиону Руслан Миңбаев “Агродиалог-2026” форумун утурлай, карагат өстүрүүдөгү тажрыйбасы жана жетишкен ийгиликтери тууралуу айтып берди. Бул багбанчылык долбоору 2012-жылы башталган. Ал эми карагат багын негиздөө иштери 2016-жылы жүзөгө ашырылган. Ал убакта аймакта карагатты ири көлөмдө өстүргөн, заманбап техникаларды колдонгон дыйкандар дээрлик жок болчу. Биз алгачкылардан болуп бул багытта