Муфтиятка автоунаа баасын аныктоочу кесипкөй адистер талап кылынууда
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы жаңы алынган кызматтык автоунааларды сатыкка чыгаруу иштерин жүргүзүүдө, алардын рыноктук жана адилеттүү баасын аныктоо үчүн профессионал баалоочу компаниялар (оценщиктер) талап кылынат.
Дин башкармалыгынын маалыматына караганда, баалоочулар биринчиден-лицензиясы бар профессионал баалоочу адис же баалоочу компания болушу керек. Экинчиден алар талапкер компания же жеке баалоочу катары расмий каттоодон өткөн болушу шартталат. Ошондой эле автоунааларды баалоо боюнча тажрыйбасы бар жана баалоодон кийин ишинин жыйынтыгы боюнча толук отчет бере алган тарап керектелет.
Эгерде бардык талаптар эске алынган болсо, документтерди кабыл алуу мөөнөтү: 17 – 21 ноябрь күндөрү, саат 17:00гө чейин Дин башкармалыгына кайрылуу сунушталат.