Ош–Эркештам жолунда жүктөрдүн коопсуздугу күчөтүлүүдө
Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматы ташылып жаткан жүктөрдүн коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-чараларды күчөттү. Кызмат мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчик объектилерди, ошондой эле кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү келишим боюнча куралдуу коргоого алууга укуктуу.
Министрликтин маалыматына ылайык, айрыкча Ош–Эркештам жолунда жүк уурдоолордун жана мыйзамсыз аракеттердин алдын алуу максатында кызматкерлер тынымсыз иш жүргүзүп, жолдо коопсуздукту көзөмөлдөп жатышат. Мындан тышкары, бузулуп калган унаалардагы жүктөр да кызматтын коргоосуна алынат, бул жүк ташуучуларга кошумча ишеним берет.
"ИИМдин Күзөт кызматы мүлктү коргоо боюнча иштерди мындан ары да улантып, жогорку кесипкөйлүктү сактоону убада кылууда",-деп айтылат маалыматта.