KOPIA долбоору мал чарбасын өнүктүрүүдө кызматташууга даяр
Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору Адилет Сотовалдиев Кыргызстандагы KOPIA долбоорунун директору Кванг Сог “Питэр” Чунду кабыл алды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Жолугушууда мал чарбасын туруктуу өнүктүрүү жана инновациялык технологияларды киргизүү багытындагы кызматташтык маселелери каралды.
Тараптар, өзгөчө, асыл тукум материалдарын коопсуз жана сапаттуу сактоо үчүн суюк азот сактоочу генбанк сатып алуу зарылдыгына токтолушту жана бул багытта KOPIA долбоорунун колдоосу керектигин белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мал чарбасын өнүктүрүү боюнча биргелешкен аракеттерди улантууга даяр экендиктерин билдиришти.
Бул тууралуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын маалымат кызматынан билдиришти.