Мамлекеттик ипотекалык компанияга жаңы төрага дайындалды

Мамлекеттик ипотекалык компанияга жаңы төрага дайындалды

“Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКнын директорлор кеңеши Талант Жекшеновду Башкармалыктын төрагасы кылып дайындады. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Талант Жекшенов 1982-жылы туулган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык жана И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин тоо-кен иштери жогорку билимдерге ээ. Ал ошондой эле Шералы Сыдыков атындагы Олимпиадалык резервдердин адистештирилген мектебин да бүтүргөн.

Көп жылдык тажрыйбасынын ичинде Жекшенов президенттин Иш башкармалыгына караштуу “Спорттук комплекс” жана “Ала-Арча” мамлекеттик ишканаларынын директору болуп, “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасында директордун орун басары катары эмгектенген.

Дайындоо “МИК” ААКнын башкаруу тобун бекемдөөгө жана иштин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Мурдагы төрага пландаштырылган ротациянын алкагында башка кызматка которулду.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 4 жылда 173 млрд 596 млн сом инвестиция өздөштүрүлдү

Кыргызстанда 4 жылда 173 млрд 596 млн сом инвестиция өздөштүрүлдү

2021–2025-жылдар аралыгында Кыргызстанда 173 млрд 596,1 млн сом өлчөмүндө инвестиция өздөштүрүлгөнүн Кыргызстандын Финансы министрлиги маалымдады. Министрлик транспорт, энергетика, суу менен камсыздоо, саламаттык сактоо жана агрардык сектордогу стратегиялык долбоорлор боюнча маалымат берди. Транспорт — 47 771,4 млн сом Шаардык транспорт жаңыланып, 124 кысылган жаратылыш газы (КПГ) менен жүргөн автобус

Баткенде ЖРТдан жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө сыйлык берилет

Баткенде ЖРТдан жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө сыйлык берилет

Баткенде “Зээндүү жаштар – 2026” форуму өткөнүн Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Облус жетекчисинин орун басары Жаныбек Исаков бүтүрүүчүлөргө алдыдагы жалпы республикалык тестирлөөгө активдүү даярданууга, талыкпай эмгектенип, максат коюп, ошол максатка жетүүгө, ар тараптан өнүгүүгө чакырды. Форумга билим берүү тармагындагы тажрыйбалуу жана ийгиликтүү спикерлер чакырылып, алар мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ЖРТга активдүү даярдануу, кесип

Тамчылатып сугаруу менен 2 гектардан 28 тонна карагат алган чемпион

Тамчылатып сугаруу менен 2 гектардан 28 тонна карагат алган чемпион

“Агродиалог-2025” форумунун чемпиону Руслан Миңбаев “Агродиалог-2026” форумун утурлай, карагат өстүрүүдөгү тажрыйбасы жана жетишкен ийгиликтери тууралуу айтып берди. Бул багбанчылык долбоору 2012-жылы башталган. Ал эми карагат багын негиздөө иштери 2016-жылы жүзөгө ашырылган. Ал убакта аймакта карагатты ири көлөмдө өстүргөн, заманбап техникаларды колдонгон дыйкандар дээрлик жок болчу. Биз алгачкылардан болуп бул багытта

Президенттик шайлоо  2027-жылдын 24-январында өтөт-Конституциялык сот

Президенттик шайлоо 2027-жылдын 24-январында өтөт-Конституциялык сот

Конституциялык сот президенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу мамлекет башчы Садыр Жапаровдун кайрылуусун карап, Конституциянын 67-беренесин, 68-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацын, 72-беренесинин 1-бөлүгүн ушундай чечмеледи. Конституциялык сот президенттик шайлоо 2027-жылдын январынын төртүнчү жекшембисинде же, башкача айтканда, кийинки жылдын 24-январында өтөрүн билдирди. Мекеме мындай чечмелөөнү “Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттар