Мүлк салыгы автоматташтырылып, пенсионерлерге жеңилдик каралды

Мүлк салыгы автоматташтырылып, пенсионерлерге жеңилдик каралды

Мамлекеттик салык кызматы 29-октябрдагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен КРдин Салык кодексине мүлк салыгы боюнча бир катар өзгөртүүлөр киргизилгенин маалымдайт.

Мүлк салыгын автоматтык түрдө эсептөө киргизилгенине байланыштуу салыктарды эсептөө тартиби, алардын ставкалары өзгөртүлдү. Ошондой эле калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге, турак эмес имараттарга, жайларга жана курулуштарга мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептерди берүү жокко чыгарылды.

Ошондой эле турак жай мүлкү жана турак эмес мүлк объектиси деген жаңы түшүнүктөр киргизилди. Бул мүлк салыктарынын түрлөрүн төмөнкү үч түргө чейин кыскартууга мүмкүндүк берет:

– турак жай мүлк объектисине салынуучу салык — эки объект боюнча салыкты эсептөөнү камтыйт: турак жай имараты/жайы жана үй жанындагы, короо жай же багбанчылык-огороддук жер участогу;

– турак эмес мүлк объектисине салык — калктуу конуштардын турак эмес имараты, жайы, курулушу жана жер участогу жана айыл чарба багытында эмес салык эсептөөнү камтыйт;

– айыл чарба жерлерине тиешелүү жер салыгы.

Мындан тышкары, салык мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, пенсионерлерге үй жанындагы, короо жай жана багбанчылык жер участокторуна жеңилдиктер берилет.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 4 жылда 173 млрд 596 млн сом инвестиция өздөштүрүлдү

Кыргызстанда 4 жылда 173 млрд 596 млн сом инвестиция өздөштүрүлдү

2021–2025-жылдар аралыгында Кыргызстанда 173 млрд 596,1 млн сом өлчөмүндө инвестиция өздөштүрүлгөнүн Кыргызстандын Финансы министрлиги маалымдады. Министрлик транспорт, энергетика, суу менен камсыздоо, саламаттык сактоо жана агрардык сектордогу стратегиялык долбоорлор боюнча маалымат берди. Транспорт — 47 771,4 млн сом Шаардык транспорт жаңыланып, 124 кысылган жаратылыш газы (КПГ) менен жүргөн автобус

Баткенде ЖРТдан жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө сыйлык берилет

Баткенде ЖРТдан жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө сыйлык берилет

Баткенде “Зээндүү жаштар – 2026” форуму өткөнүн Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Облус жетекчисинин орун басары Жаныбек Исаков бүтүрүүчүлөргө алдыдагы жалпы республикалык тестирлөөгө активдүү даярданууга, талыкпай эмгектенип, максат коюп, ошол максатка жетүүгө, ар тараптан өнүгүүгө чакырды. Форумга билим берүү тармагындагы тажрыйбалуу жана ийгиликтүү спикерлер чакырылып, алар мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ЖРТга активдүү даярдануу, кесип

Тамчылатып сугаруу менен 2 гектардан 28 тонна карагат алган чемпион

Тамчылатып сугаруу менен 2 гектардан 28 тонна карагат алган чемпион

“Агродиалог-2025” форумунун чемпиону Руслан Миңбаев “Агродиалог-2026” форумун утурлай, карагат өстүрүүдөгү тажрыйбасы жана жетишкен ийгиликтери тууралуу айтып берди. Бул багбанчылык долбоору 2012-жылы башталган. Ал эми карагат багын негиздөө иштери 2016-жылы жүзөгө ашырылган. Ал убакта аймакта карагатты ири көлөмдө өстүргөн, заманбап техникаларды колдонгон дыйкандар дээрлик жок болчу. Биз алгачкылардан болуп бул багытта

Президенттик шайлоо  2027-жылдын 24-январында өтөт-Конституциялык сот

Президенттик шайлоо 2027-жылдын 24-январында өтөт-Конституциялык сот

Конституциялык сот президенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу мамлекет башчы Садыр Жапаровдун кайрылуусун карап, Конституциянын 67-беренесин, 68-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацын, 72-беренесинин 1-бөлүгүн ушундай чечмеледи. Конституциялык сот президенттик шайлоо 2027-жылдын январынын төртүнчү жекшембисинде же, башкача айтканда, кийинки жылдын 24-январында өтөрүн билдирди. Мекеме мындай чечмелөөнү “Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттар