Ноокаттагы мектеп капиталдык ремонттон өтүүдө

Ноокаттагы мектеп капиталдык ремонттон өтүүдө

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Төөлөс айылындагы Уркуя Салиева атындагы мектепте кеңири көлөмдөгү капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат. Мектеп 1968-жылы курулгандан бери ири ремонт жасалбаган. Бул тууралуу Курулуш архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, оңдоо иштери 2024-жылы республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен башталган. Азыркы тапта мектеп имараты толугу менен жаңыланууда: ички жана тышкы бөлүгү оңдолуп, жарыктандыруу жана жылытуу системалары толук алмаштырылууда.

Долбоорго ылайык, мектеп 524 орунга эсептелген. Оңдоо иштери аяктагандан кийин дээрлик 1000ге жакын окуучуга заманбап шартта билим алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Былтыр Ош облусундагы объектилерге 8,1 млрд сом багытталган

Былтыр Ош облусундагы объектилерге 8,1 млрд сом багытталган

2025-жылы мамлекеттик бюджеттен 357 объектке 8,1 млрд сом багытталганын МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев Ош облусундагы президенттин өкүлчүлүгүнүн коллегиясында билдирди. Жыйын 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөрүлдү. Анын айтымында, капиталдык салымдар беренеси боюнча мамлекет Ош облусуна 8 млрд 543 млн сом жардам көрсөткөн. Анын ичинен 8,1 млрд сом толук каржыланган. Бөлүнгөн

Финансы министрлиги 5 жылдык системалуу өнүгүүнүн натыйжаларын жарыялады

Финансы министрлиги 5 жылдык системалуу өнүгүүнүн натыйжаларын жарыялады

2021–2025-жылдар КРда инфратүзүмдү жана экономиканы системалуу чыңдоо мезгили болду: жалпы 173 596,1 млн сом өздөштүрүлүп, транспорт, энергетика, суу менен камсыздоо, саламаттык сактоо жана агрардык сектор боюнча стратегиялык долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылды. Мындай билдирүүнү КРнын Финансы министрлигинен маалымдап, бул инвестициялар туруктуу өсүш үчүн бекем негиз түзүп, өлкөнүн бардык аймактарында

Балыкчы токой чарбасы тамчылатып сугарууга өтүүгө 39 млн сом жумшайт

Балыкчы токой чарбасы тамчылатып сугарууга өтүүгө 39 млн сом жумшайт

Балыкчы токой чарбасы жалпы суммасы 39 млн сомду түзгөн тамчылатып сугаруу системаларын сатып алуу жана орнотуу боюнча тендер жарыялады. Мекеме Ысык-Көл облусунда материалдарды жеткирүү жана курулуш иштерин аткара турган жеткирүүчүнү издеп жатат. Улуттук валютадагы арыздарды кабыл алуу 2026-жылдын 24-февралында аяктайт. Компаниялардын сунуштары тапшырылган күндөн тартып 30 күн бою жарактуу болушу

Өлкөдө 2030-жылга чейин Rest Рoint`тордун саны көбөйөт

Өлкөдө 2030-жылга чейин Rest Рoint`тордун саны көбөйөт

Өлкөдө 2030-жылга чейин Rest Рoint`тордун саны көбөйөрүн Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов “Кабар” агенттигинин “Элден собол” берүүсүндө билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлкө боюнча эс алуучуларга ылайыкталган 18 Rest Рoint жана 5 туристтик-маалыматтык борбор бар. Ал белгилегендей, туристтик-маалыматтык борборлордун бешөө Ысык-Көл облусунда иштеп жатат. Эми дагы башка облустарда үч