Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду менен айыл чарба тармагында кызматташтык талкууланды

Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду менен айыл чарба тармагында кызматташтык талкууланды

Бүгүн, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду менен жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууга министрликтин жетекчилери жана фонддун башкаруу жана эксперттик курамы катышты.

Тараптар айыл чарба тармагындагы инвестициялар, кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү, кластердик мамилелерди жайылтуу жана мамлекеттик–жеке өнөктөштүк алкагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү инвестициялык-кредиттик колдоо, каржылоо көлөмү жана аймактык таралышы, приоритеттүү багыттар жана ири долбоорлор, ошондой эле техникалык жардам механизмдери тууралуу маалымат беришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында министрлик менен фонддун ортосунда туруктуу кызматташтык үчүн жооптуу бөлүмдөр аныкталып, Меморандумдун долбоорун даярдоо тартиби белгиленди.

Ведомствонун маалыматына караганда, бул жолугушуу келечекте айыл чарба жана кайра иштетүү тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана инвестициялык чөйрөнү кеңейтүүгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Былтыр Ош облусундагы объектилерге 8,1 млрд сом багытталган

Былтыр Ош облусундагы объектилерге 8,1 млрд сом багытталган

2025-жылы мамлекеттик бюджеттен 357 объектке 8,1 млрд сом багытталганын МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев Ош облусундагы президенттин өкүлчүлүгүнүн коллегиясында билдирди. Жыйын 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөрүлдү. Анын айтымында, капиталдык салымдар беренеси боюнча мамлекет Ош облусуна 8 млрд 543 млн сом жардам көрсөткөн. Анын ичинен 8,1 млрд сом толук каржыланган. Бөлүнгөн

Финансы министрлиги 5 жылдык системалуу өнүгүүнүн натыйжаларын жарыялады

Финансы министрлиги 5 жылдык системалуу өнүгүүнүн натыйжаларын жарыялады

2021–2025-жылдар КРда инфратүзүмдү жана экономиканы системалуу чыңдоо мезгили болду: жалпы 173 596,1 млн сом өздөштүрүлүп, транспорт, энергетика, суу менен камсыздоо, саламаттык сактоо жана агрардык сектор боюнча стратегиялык долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылды. Мындай билдирүүнү КРнын Финансы министрлигинен маалымдап, бул инвестициялар туруктуу өсүш үчүн бекем негиз түзүп, өлкөнүн бардык аймактарында

Балыкчы токой чарбасы тамчылатып сугарууга өтүүгө 39 млн сом жумшайт

Балыкчы токой чарбасы тамчылатып сугарууга өтүүгө 39 млн сом жумшайт

Балыкчы токой чарбасы жалпы суммасы 39 млн сомду түзгөн тамчылатып сугаруу системаларын сатып алуу жана орнотуу боюнча тендер жарыялады. Мекеме Ысык-Көл облусунда материалдарды жеткирүү жана курулуш иштерин аткара турган жеткирүүчүнү издеп жатат. Улуттук валютадагы арыздарды кабыл алуу 2026-жылдын 24-февралында аяктайт. Компаниялардын сунуштары тапшырылган күндөн тартып 30 күн бою жарактуу болушу

Өлкөдө 2030-жылга чейин Rest Рoint`тордун саны көбөйөт

Өлкөдө 2030-жылга чейин Rest Рoint`тордун саны көбөйөт

Өлкөдө 2030-жылга чейин Rest Рoint`тордун саны көбөйөрүн Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов “Кабар” агенттигинин “Элден собол” берүүсүндө билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлкө боюнча эс алуучуларга ылайыкталган 18 Rest Рoint жана 5 туристтик-маалыматтык борбор бар. Ал белгилегендей, туристтик-маалыматтык борборлордун бешөө Ысык-Көл облусунда иштеп жатат. Эми дагы башка облустарда үч