Тийиштүү уруксат кагаздары жок, чет өлкө жарандарын ишке тарткан ишкер кармалды
Адамдын ден соолугуна коркунуч келтирген тамак-аш продукциясын өндүргөндүгү үчүн УКМК тарабынан «КАВиКЕВ» ишканасынын башчысы, КР жараны А.В.К. кармалды.

УКМКнын басма сөз кызматынан маалымдагандай, аталган мекемеде мыйзам бузуу фактылары аныкталып, кылмыш иши козголгон. Ишкана жетекчиси тамак-аш продукциясын даярдоо үчүн эч кандай тиешелүү уруксат берүүчү, медициналык жана миграциялык документтери жок, чет өлкө жарандарын ишке тарткан. Алар антисанитардык шарттарда өлкөнүн калкы үчүн тамак-аш азыктарын даярдоо менен алектенишкен. Мындан тышкары, жарактуу мөөнөтү чындыкка дал келбеген мөөнөттү продукцияларга чаптоо фактылары аныкталган.


Ушуга байланыштуу, кече, 17-ноябрында мыйзамсыз миграцияны уюштуруу, документтерди жасалмалоо, керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүү боюнча кылмышка шектелип А.В.К. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тиешелүү иш-чаралар уланууда.