Ак-Талаа районунда 77 млн сомго заманбап бала бакча салынды

Ак-Талаа районунда 77 млн сомго заманбап бала бакча салынды

Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Ак-Тал айылында наркы 77 миллион сомду түзгөн жаңы бала бакча курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюдеттен каржыланып, Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө ишке ашырылды.

Башкы план боюнча бала бакча 90 орунга ылайыкталып, эки кабаттан турат. Жалпы аянты 892 чарчы метр болгон имаратта уктоо, ойноо, тарбиялык саат өтүү бөлмөсү жана ашканасы бар. Мындан тышкары сырткы аянтчасы балдардын коопсуздугун эске алуу менен жасалды.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда туруктуу энергетикага өтүү долбооруна кол коюлат

Кыргызстанда туруктуу энергетикага өтүү долбооруна кол коюлат

Кыргызстанда туруктуу энергетикага өтүүнү колдоого багытталган жаңы карбон (көмүртек) долбооруна кол коюу күтүлүп жатканын энергетика министри Таалайбек Ибраев Дүйнөлүк банктын өкүлү Хью Ридделл менен жолугушууда билдирди. Ведомствонун маалыматына караганда, аталган демилге iFIRST программасынын алкагында ишке ашып, өлкөдө көмүртек каржылоосуна байланышкан алгачкы кадамдардын бири болуп калмакчы. Белгиленгендей, долбоордун негизги өзгөчөлүктөрү -

Чүйдө баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө шектүү кармалды

Чүйдө баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө шектүү кармалды

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектүү жаран кармалганын билдирди. 28-февралда Аламүдүн РИИБге Арашан айылында баңгизат табылганы жөнүндө ыкчам билдирүү келип түшкөн. Текшерүү учурунда 18 жаштагы Р.А. аттуу жарандын жанындагы баштыктан салмагы 35 граммды түзгөн психотроптук зат табылган. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын,

Кыргызстан, Өзбекстан компанияларынын ортосунда 500 миң долларлык келишим түзүлдү

Кыргызстан, Өзбекстан компанияларынын ортосунда 500 миң долларлык келишим түзүлдү

Ташкент шаарында  Кыргызстандын Соода өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен ата мекендик "Алайку Органикс" ЖЧКсы жана өзбекстандык Alaiku ЖЧКсы фирмасынын ортосунда 500 миң долларлык экспорттук келишим түзүлдү. Эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда түзүлгөн мындай келишимдер мамлекеттердин соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп саналат. Буга чейин Кыргызстандын Соода өкүлчүлүгү компаниянын продукциясын Өзбекстан

1-апрелден тарта медиктердин айлыгы 100 пайызга көбөйөт – Мамадалиев

1-апрелден тарта медиктердин айлыгы 100 пайызга көбөйөт – Мамадалиев

1-апрелден тарта медицина кызматкерлеринин айлыгы 100 пайызга көбөйтүлөт. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев билдирди. Анын айтымында, бул чечим дарыгерлердин көп жылдан бери көтөрүлүп келген негизги көйгөйлөрүнүн бирин чечүүгө багытталган. Ошондой эле алыскы аймактарда иштеген медицина кызматкерлерин колдоо боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө. Маселен,