Кыргызстан, Өзбекстан компанияларынын ортосунда 500 миң долларлык келишим түзүлдү

Кыргызстан, Өзбекстан компанияларынын ортосунда 500 миң долларлык келишим түзүлдү

Ташкент шаарында  Кыргызстандын Соода өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен ата мекендик "Алайку Органикс" ЖЧКсы жана өзбекстандык Alaiku ЖЧКсы фирмасынын ортосунда 500 миң долларлык экспорттук келишим түзүлдү.

Эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда түзүлгөн мындай келишимдер мамлекеттердин соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп саналат.

Буга чейин Кыргызстандын Соода өкүлчүлүгү компаниянын продукциясын Өзбекстан рыногуна чыгаруу боюнча кеңири иштерди жүргүзгөн. Бул иштердин алкагында:
  • Өзбекстандын аймагында юридикалык жак ачууга жардам көрсөтүлгөн;
  • жергиликтүү рынокко талдоо жүргүзүлгөн;
  • кампа жайларын издөө иштери уюштурулган;
  • ошондой эле Өзбекстандын мамлекеттик органдары менен иштешүү боюнча консультациялар берилген.

Мындан тышкары, өкүлчүлүк Өзбекстандын ири супермаркет тармактары менен жумушчу жолугушууларды уюштуруп, кыргыз продукциясын жеткирүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулаган.

Мындан тышкары окуңуз

2027-жылдын 1-февралына чейин Кыргызстанда алманын импортуна тыюу салуу сунушталды

2027-жылдын 1-февралына чейин Кыргызстанда алманын импортуна тыюу салуу сунушталды

Кыргызстанда ата мекендик багбанчылык чарбаларын колдоо максатында алманы импорттоого убактылуу тыюу салуу сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Долбоорго ылайык, үчүнчү өлкөлөрдөн жана ЕЭБ мүчө мамлекеттерден Кыргызстанга алма алып келүүгө 2027-жылдын 1-февралына чейин чектөө киргизүү каралган. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө мөмө берүүчү алма бактарынын аянты

Ишкер Media
Караколдо бетон заводун куруу боюнча конкурс жарыяланды

Караколдо бетон заводун куруу боюнча конкурс жарыяланды

Каракол шаарынын мэриясы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында товардык бетон жана темир-бетон буюмдарын өндүрүүчү заманбап завод куруу долбоору боюнча конкурска катышууга чакырат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Долбоордун максаты – шаардагы курулуш жана инфраструктуралык долбоорлорду, анын ичинде жаңы пляжды куруу жана инфраструктураны жаңылоо иштерин курулуш материалдары менен камсыз кылуу.

Ишкер Media
Кант–АБЗ жолунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилет

Кант–АБЗ жолунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилет

Кант-АБЗ унаа жолунун 10,2-чакырымынан 11-чакырымына чейинки тилкесинде ресайклинг технологиясы менен асфальт басуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, 10-октябрдан 17-октябрга чейин аталган тилкеде оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Чектөө жол куруу иштерин сапаттуу жүргүзүү жана жаңы төшөлгөн

Ишкер Media
Баткенде 13 жетим балага жер тилкеси берилди

Баткенде 13 жетим балага жер тилкеси берилди

Баткен облусунун прокуратурасы жетим балдардын мүлктүк укуктарын коргоо боюнча текшерүү жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында 13 тоголок жетим балага кезексиз жер тилкелери бөлүнүп берилип, тиешелүү укук тастыктоочу документтер тапшырылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, жер тилкелери турак жай куруу үчүн берилген. Прокуратура жергиликтүү бийлик органдарына прокурордук актыларды киргизип, жетим

Ишкер Media