Ошто жашылдандыруу мекемесинин жаңы имараты пайдаланууга берилди

Ошто жашылдандыруу мекемесинин жаңы имараты пайдаланууга берилди

Бүгүн “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасынын жаңы имараты расмий ачылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдирди.

Жаңы курулган имараттын жалпы аянты 7 304 чарчы метрди түзөт. Анда административдик бөлүм, чарбалык жай, суу кампасы, ашкана, кампа, унаа жуучу жай, жуунучу жай, унаа токтотуучу жай жана башка заманбап шарттар каралган.

Долбоор жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланган. Кызматкерлер үчүн шарттарды жакшыртуу планы токтобойт: алдыда аз пайыздык батирлер жана айлык акыларын жогорулатуу каралууда.

Иш-чарага катышкан калаа башчысы Жеңишбек Токторбаев муниципалдык ишкананын жетекчисине кызматтык унаа тапшырды. Мэр жыл башында имараттын абалын көрүп, аны жаңыдан куруу тапшырмасын берген.

Мындан тышкары окуңуз

Алмамбет Шыкмаматов "Кыргызнефтегаз" эмнеге буга чейин текшерилбегенин айтты

Алмамбет Шыкмаматов "Кыргызнефтегаз" эмнеге буга чейин текшерилбегенин айтты

Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиевдин жана анын жакындарынын катышы бар коррупциялык иштер делген маалымат боюнча 17-мартта "Азаттыкка" түшүндүрмө берди.  Ал Мамлекеттик салык кызматы эмне үчүн айтылып жаткан коррупциялык схемаларды Камчыбек Ташиев кызматта турган учурда текшерип, аныктаган эмес деген суроого төмөнкүчө жооп берди:

“Манас” аэропортунун реконструкциясы майда аяктайт

“Манас” аэропортунун реконструкциясы майда аяктайт

“Манас” эл аралык аэропортунун реконструкциясы май айында аяктарын “Кыргызстан аэропорттору” ААК башкармалыгынын инфраструктура жана аймактык аэропорттор боюнча директору Алтынбек Мамбетов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө “Манас” эл аралык аэропорту боюнча эки этапка бөлүнгөн иштердин биринчи этабы график боюнча аяктады. “Бул учуп-конуу тилкесине асфальт төшөө, жарыктандыруу системаларын

Ош шаарындагы объектилер Курулуш министрлигине өткөрүлөт – Н.Орунтаев

Ош шаарындагы объектилер Курулуш министрлигине өткөрүлөт – Н.Орунтаев

Ош шаарында курулуп жаткан бардык объектилер Курулуш министрлигинин карамагына өтүп, аягына чыгарыларын курулуш, архитектура жана турак жай коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ош шаарында ишкерлер менен жолугушкан учурда билдирди. "Президенттин атайын тапшырмасына ылайык бардык курулуштар боюнча тийиштүү көрсөтмөлөрдү алып келдик. Биринчи этап боюнча, курулушу жүрүп жаткан, бирок аягына чыга

Кыргызстанга акча которуулардын көлөмү 2026-жылдын январында азайды

Кыргызстанга акча которуулардын көлөмү 2026-жылдын январында азайды

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын январь айында Кыргызстанга жеке адамдар тарабынан которулган акчанын таза агымы 220,3 млн $ түздү. Бул көрсөткүч 2025-жылдын декабрь айындагы 267,6 млн $ салыштырмалуу төмөндөгөн. Маалыматка караганда, акча которуулардын негизги бөлүгү Россиядан которулуп келген. Январь айында бул өлкөдөн 200,8 млн $ которулуп, жалпы агымдын