АӨБ президенти Масато Канда Бишкектеги электробустарды көрүп чыкты

АӨБ президенти Масато Канда Бишкектеги электробустарды көрүп чыкты

Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) президенти Масато Канда Кыргыз Республикасына болгон иш сапарынын алкагында мэрдин орун басары Рамиз Алиев менен жолугушуп, "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын №2 автобекетине барды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Иш сапардын максаты — "Шаардык транспортту электрлештирүү" долбоорунун алкагында алынган электр автобустарынын техникалык мүмкүнчүлүктөрү жана инфраструктурасы менен таанышуу болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын директору Талант Капаров долбоор, анын негизги компоненттери жана ишке ашыруу абалы жөнүндө кеңири маалымат берди. ДЕПОнун курулуш этаптарынын сүрөттөрү, "Пилоттук жашыл коридордун" 3D-анимациясы жана электробустардын айдоочулары үчүн окутуу симуляциясы көрсөтүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө делегация инфраструктура, кубаттоочу станциялар жана электробустарынын жаңы функциялары, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жүргүнчүлөр үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты.

Иш-чара Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү жана долбоордун өнөктөштөрү менен биргеликте сүрөткө түшүү менен аяктады.

Мындан тышкары окуңуз

Кыз-келиндер үчүн IT тармагы боюнча бекер окуу уюштурулат

Кыз-келиндер үчүн IT тармагы боюнча бекер окуу уюштурулат

IT тармагына кызыккан кыз-келиндер үчүн жаңы гранттык окуу уюштуруларын Жасалма интеллект академиясынын директору Эрхан Адаев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, гранттык окуунун тандоосуна 14 жаштан 60 жашка чейинки айымдар катыша алат. “Биздин долбоор “Programmer Ayimdar” деп аталат. Долбоор IT тармагы боюнча айымдардын окушуна мүмкүнчүлүк түзөт. Биринчиден, бизге бул

Кыргызстанда ШКУга мүчө өлкөлөрдүн өнөр жай көргөзмөсү өтөт

Кыргызстанда ШКУга мүчө өлкөлөрдүн өнөр жай көргөзмөсү өтөт

Экономика жана коммерция министрлиги менен BiExpo көргөзмө ишмердүүлүгүн өнүктүрүү боюнча меморандумга кол коюшту. Ведомстводон билдиришкендей, документке министр Бакыт Сыдыков жана компаниянын директору Виктор Линовицкий кол койду. Келишимдин алкагында 4–6-июнда Бишкек шаарында эл аралык көп тармактуу өнөр жай көргөзмөсүн өткөрүү пландалууда. Иш-чара Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өнөр жай министрлеринин

Лариса Долина батири боюнча  176 млн рубль өндүрүп берүү талабын коюп сотко кайрылды

Лариса Долина батири боюнча 176 млн рубль өндүрүп берүү талабын коюп сотко кайрылды

Ал мүлктүк чыгымды өндүрүп алуу боюнча доо арызын Москванын Балашиха шаардык сотуна жолдогонун соттун басма сөз кызматы билдирген. Доо арызда жоопкер катары А. Н. Цырульникова, Д. М. Леонтьева, А. И. Каменецкий жана А. Д. Основа көрсөтүлгөн. Буга чейин сот аларды өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык боюнча күнөөлүү деп таап, төрт жылдан

Кытай компаниясы Кыргызстандын көчө жарыктарын жаңылоого кызыкдар

Кытай компаниясы Кыргызстандын көчө жарыктарын жаңылоого кызыкдар

Бүгүн президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдын Longteng Lighting Group Co., Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолукканын агенттиктен билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө компаниянын өкүлдөрү архитектуралык жана шаардык жарыктандыруу тармагында долбоорлорду ишке ашыруу боюнча эл аралык тажрыйбалары менен тааныштырышты. Тактап айтканда, компания BRICS жана Shanghai Cooperation Organization саммиттери сыяктуу