Кыргызстанда ШКУга мүчө өлкөлөрдүн өнөр жай көргөзмөсү өтөт

Кыргызстанда ШКУга мүчө өлкөлөрдүн өнөр жай көргөзмөсү өтөт

Экономика жана коммерция министрлиги менен BiExpo көргөзмө ишмердүүлүгүн өнүктүрүү боюнча меморандумга кол коюшту. Ведомстводон билдиришкендей, документке министр Бакыт Сыдыков жана компаниянын директору Виктор Линовицкий кол койду.

Келишимдин алкагында 4–6-июнда Бишкек шаарында эл аралык көп тармактуу өнөр жай көргөзмөсүн өткөрүү пландалууда. Иш-чара Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өнөр жай министрлеринин кеңешмеси менен удаа өтөт.

Көргөзмөгө Россия, Беларусь, Өзбекстан, Кытай, Тажикстан жана Казакстан өлкөлөрүнүн ири компанияларынын катышуусу күтүлүүдө.

Министрликтин маалыматына караганда, демилге кыргыз продукциясынын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана чет элдик инвесторлорду тартууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

"Бишкек жылуулук энерго" ишканасына 46 миң сом айып салынды

"Бишкек жылуулук энерго" ишканасына 46 миң сом айып салынды

"Бишкек жылуулук энерго" муниципалдык ишканасына кологиялык талаптарды бузганы үчүн 2 протокол түзүлүп, 46 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча башкармалыгы ишканага тиешелүү 6 автоунаанын экологиялык талаптарга шайкештигин текшерген.

Чаткалдагы Ыдырыс-Ата зыярат жайы жаңыланат

Чаткалдагы Ыдырыс-Ата зыярат жайы жаңыланат

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Ыдырыс-Ата тарыхый-маданий зыярат жайын өнүктүрүү боюнча эскиздик долбоор иштелип чыкты. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Долбоор Жаңы-Базар айылында жайгашкан тарыхый-маданий мурасты сактоого, Ыдырыс-Ата күмбөзүнүн аймагын көрктөндүрүүгө жана зыяратчылар үчүн зарыл шарттарды түзүүгө багытталган. Анын

Жалал-Абадда ымыркайлардын ооруларынын алдын алуу боюнча жыйын өттү

Жалал-Абадда ымыркайлардын ооруларынын алдын алуу боюнча жыйын өттү

Жалал-Абад облусунда энелердин жана ымыркайлардын ден соолугун коргоо, тубаса оорулардын алдын алуу жана аларды эрте аныктоо маселелери талкууланган жыйын өттү. Бул тууралуу аймактык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди. Жыйынга облус башчысы Тилек Текебаев, облус башчысынын орун басарлары жана Саламаттык сактоо министрлигинин аймактагы координатору Өмүрбек Махамаджунус уулу, медицина тармагы боюнча

Ошто мал базарларда ветеринардык талаптар текшерилди

Ошто мал базарларда ветеринардык талаптар текшерилди

Ош облусундагы мал базарларда 17–24-август күндөрү ветеринардык көзөмөл жүргүзүлүп, жарандарга санитардык эрежелерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын аймактык башкармалыгынын маалыматына ылайык, мониторингдин жүрүшүндө сатууга алып келинген малдардын ветеринардык коштомо документтери жана эн тамгалары текшерилди.