Бишкек мэриясы арзандатылган эт сатуу пунктун ачты

Бишкек мэриясы арзандатылган эт сатуу пунктун ачты

Эт азыктарынын кымбатташы социалдык көйгөйгө айлангандыктан, Бишкек мэриясы Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен биргеликте базарлардагы абалга көзөмөлдү күчөттү. Бул иш-чаралар этке убактылуу мамлекеттик баа жөнгө салууну киргизүү тууралуу тиешелүү буйруктардын негизинде аткарылууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

20-ноябрда мэрдин биринчи орун басары М.К. Байгончоков жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын өкүлдөрү "Аламүдүн" жана "Ош базарында" рейд өткөрүштү. Текшерүүгө санитардык жана ветеринардык кызматтар, район администрацияларынын өкүлдөрү да катышты.

Ишкерлерге баанын чектерин сактоо милдети түшүндүрүлүп, мыйзам бузуу аныкталса чаралар көрүлөрү эскертилди.

Ошондой эле мэрия Ош базарында арзандатылган эт сатуу пунктун ачты. Бул жерде эт килограммына 660 сомдон жогору эмес баада сатылат.

Мэрия менен Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы социалдык маанилүү азык-түлүктөрдүн баасын туруктуу кармоо боюнча мониторингди улантат.

Мындан тышкары окуңуз

Эки айда айыл чарба продукциясы 29,8 млрд сомго жетти

Эки айда айыл чарба продукциясы 29,8 млрд сомго жетти

Быйыл январь-февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда экономикалык өсүштүн оң динамикасы сакталууда. Бул тууралуу экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматына ылайык, ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү 264,1 млрд сомду түзүп, өсүү темпи 108,8 % болду. Айыл чарба тармагында эки ай ичинде 29,8 млрд сомдук

"Дордой" базарынын дал ортосунан өткөн жаңы жол курулат

"Дордой" базарынын дал ортосунан өткөн жаңы жол курулат

Бишкектеги "Дордой" базарынын ички инфраструктурасын жакшыртуунун алкагында Ибраимов жана Элебесов көчөлөрүн туташтыруучу жаңы жолду, ошондой эле борбордук өтмөккө чейинки кошумча жолду салуу пландалып жатканын калаа мэри Айбек Жунушалиевдин "Дордой" ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду. Тараптар базардын ички инфраструктурасын өнүктүрүү жана көрктөндүрүү маселелерин

Адамдарды кайырчылыкка тарткандарга 20 миң сом айып пул салынат

Адамдарды кайырчылыкка тарткандарга 20 миң сом айып пул салынат

Жогорку Кеңештин сот-укуктук маселелер, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитети кайырчылыкка каршы мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Мыйзам долбооруна ылайык, Укук бузуулар кодексине кайырчылыкка байланыштуу жаңы нормаларды киргизүү сунушталууда. Ага ылайык: * жолдун жүрүүчү бөлүгүндө кайыр сурагандыгы үчүн, * же коомдук жайларда адамдарга жабышып, акча же жардам сурагандыгы үчүн жаза

Бишкектеги №195 каттамдын кыймыл чиймеси убактылуу өзгөртүлдү

Бишкектеги №195 каттамдын кыймыл чиймеси убактылуу өзгөртүлдү

Бишкек шаарында оптимизациялоо иштеринин алкагында, 2026-жылдын 18-мартынан тартып №195 каттамдын кыймыл-чиймеси убактылуу өзгөртүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Буга ылайык, аталган каттам мындан ары Бөкөнбаев көчөсү аркылуу эмес, Логвиненко көчөсү аркылуу өтөт. Урматтуу шаар тургундары жана коноктору, киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алып, сапарларыңызды алдын ала пландап алууну өтүнөбүз. Ошондой эле коомдук транспортту